Millat al-Islam

Chapter 44 · 59 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah Ad-Dukhan' in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah Ad-Dukhan' (1216 reciters)
Meccanسورة الدخان59 verses

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

حمٓ ١Хаа. Мийм وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلۡمُبِينِ ٢Анык баяндоочу Китепке ант إِنَّآ أَنزَلۡنَٰهُ فِي لَيۡلَةٍ مُّبَٰرَكَةٍۚ إِنَّا كُنَّا مُنذِرِينَ ٣Бизаны (Кураанды) Ыйык (Кадыр) түнүндө түшүрдүк. Жана Биз (аны менен элдерди) эскертүүчүбүз فِيهَا يُفۡرَقُ كُلُّ أَمۡرٍ حَكِيمٍ ٤Алтүндө ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет.” أَمۡرًا مِّنۡ عِندِنَآۚ إِنَّا كُنَّا مُرۡسِلِينَ ٥Биздин буйругубуз болгону себептүү. Чынында, Биз пайгамбарларды жиберүүчүбүз رَحۡمَةً مِّن رَّبِّكَۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلسَّمِيعُ ٱلۡعَلِيمُ ٦Раббиңден ырайымдуулук иретинде. Чынында, Ал - Угуучу, Билүүчү رَبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَآۖ إِن كُنتُم مُّوقِنِينَ ٧(Жана Ал) эгер ишенсеңер, асмандардын, жердин жана ал экөөнүн ортосундагы (бардык) нерселердин Раббиси لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ يُحۡيِۦ وَيُمِيتُۖ رَبُّكُمۡ وَرَبُّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ ٨Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү бар! Ал тирилтет жана өлтүрөт. Силердин жана абалкы ата-бабаңардын Раббиси بَلۡ هُمۡ فِي شَكٍّ يَلۡعَبُونَ ٩Жок! Алар (ойлонуунун ордуна) күмөн санап оюнкарактык кылышууда فَٱرۡتَقِبۡ يَوۡمَ تَأۡتِي ٱلسَّمَآءُ بِدُخَانٍ مُّبِينٍ ١٠Сен (алардын башына) асман анык түтүн келтирген Күндү күт يَغۡشَى ٱلنَّاسَۖ هَٰذَا عَذَابٌ أَلِيمٌ ١١Бул жан ооруткан азап (түтүн) адамдарды (мушриктерди) ороп алат رَّبَّنَا ٱكۡشِفۡ عَنَّا ٱلۡعَذَابَ إِنَّا مُؤۡمِنُونَ ١٢(Анан алар): «О, Рабби! Биз ыйман келтирели! Бизден азапты арылта көр!» (дешет) أَنَّىٰ لَهُمُ ٱلذِّكۡرَىٰ وَقَدۡ جَآءَهُمۡ رَسُولٌ مُّبِينٌ ١٣Алар кайдан эсине келмек эле! Акыры, аларга (ушуга чейин эле) анык баяндоочу пайгамбар келген ثُمَّ تَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ وَقَالُواْ مُعَلَّمٌ مَّجۡنُونٌ ١٤(Бирок) кийин андан жүз үйрүп: «(Кураан сага христиан аалымдары тарабынан) үйрөтүлгөн. (Сен) жиндисиң»- дешти إِنَّا كَاشِفُواْ ٱلۡعَذَابِ قَلِيلًاۚ إِنَّكُمۡ عَآئِدُونَ ١٥Биз, аныгында, силерден азапты бир аз арылттык. Силер болсо (күнөөгө кайра) кайттыңар يَوۡمَ نَبۡطِشُ ٱلۡبَطۡشَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ إِنَّا مُنتَقِمُونَ ١٦(Анан) чоң азап менен азапталган күнү? Биз силерден өч алдык ۞ وَلَقَدۡ فَتَنَّا قَبۡلَهُمۡ قَوۡمَ فِرۡعَوۡنَ وَجَآءَهُمۡ رَسُولٌ كَرِيمٌ ١٧Биз алардан мурун Фираун элин сынадык. Аларга улук элчи (Муса) келди أَنۡ أَدُّوٓاْ إِلَيَّ عِبَادَ ٱللَّهِۖ إِنِّي لَكُمۡ رَسُولٌ أَمِينٌ ١٨(Жана мындай деди): «Аллаһтын пенделерин мага тапшыргыла!? Мен силерге ишеничтүү пайгамбармын وَأَن لَّا تَعۡلُواْ عَلَى ٱللَّهِۖ إِنِّيٓ ءَاتِيكُم بِسُلۡطَٰنٍ مُّبِينٍ ١٩Өзүңөрдү Аллаһтан жогору койбогула! Мен силерге анык далилдерди алып келдим وَإِنِّي عُذۡتُ بِرَبِّي وَرَبِّكُمۡ أَن تَرۡجُمُونِ ٢٠Мени ташбараң кылууңардан коргоо тилеп өзүмдүн жана силердин Раббиңерге жалбарамын وَإِن لَّمۡ تُؤۡمِنُواْ لِي فَٱعۡتَزِلُونِ ٢١Эгер ыйман келтирбесеңер, мени жөн койгула» فَدَعَا رَبَّهُۥٓ أَنَّ هَٰٓؤُلَآءِ قَوۡمٌ مُّجۡرِمُونَ ٢٢Анан ал Раббисине: «Алар күнөөкөр элдер экен. (Аларга азап жибер)»- деп дуба кылды فَأَسۡرِ بِعِبَادِي لَيۡلًا إِنَّكُم مُّتَّبَعُونَ ٢٣(Аллаһ анын дубасын кабыл алып) «Менин пенделеримди алып түнү менен (Мисирден) чык. Силердин артыңардан кубалашат»- деп, (вахий кылды). (Фираун аларга жетейин деп калганда Аллай Таала Мусага «Таягың менен деңизди ур» деп вахий кылат. Буйрукту аткарганда, он эки уруу үчүн деңизден он эки жол ачылат. Муса эли менен аман-эсен өтүп, деӊизди дагы баягы калыбына келтирүү үчүн аса таягын саздап калганда, Аллай Таала, алардын артынан келген Фираун аскерлерин деӊиз-жолго киргизүү үчүн, Мусага) وَٱتۡرُكِ ٱلۡبَحۡرَ رَهۡوًاۖ إِنَّهُمۡ جُندٌ مُّغۡرَقُونَ ٢٤«Деңизди жөн кой. Алар чөгүп кетүүчү аскерлер!» - деди كَمۡ تَرَكُواْ مِن جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ ٢٥Алар нечендеген бактарды, булактарды وَزُرُوعٍ وَمَقَامٍ كَرِيمٍ ٢٦Эгиндерди, эң мыкты үй-жайларды وَنَعۡمَةٍ كَانُواْ فِيهَا فَٰكِهِينَ ٢٧Жана ойноп-чардаган (башка көп) нээматтарды (ээсиз калтырып чөгүп кетишти) كَذَٰلِكَۖ وَأَوۡرَثۡنَٰهَا قَوۡمًا ءَاخَرِينَ ٢٨Ошентип, Биз аларды башка коомго (Исрайил урпактарына) мурастап бердик فَمَا بَكَتۡ عَلَيۡهِمُ ٱلسَّمَآءُ وَٱلۡأَرۡضُ وَمَا كَانُواْ مُنظَرِينَ ٢٩Аларга асман да, жер да ыйлаган жок! Аларга мөөнөт да берилген жок وَلَقَدۡ نَجَّيۡنَا بَنِيٓ إِسۡرَٰٓءِيلَ مِنَ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡمُهِينِ ٣٠Биз Исрайил урпактарын кордук (кулчулук) азабынан — مِن فِرۡعَوۡنَۚ إِنَّهُۥ كَانَ عَالِيًا مِّنَ ٱلۡمُسۡرِفِينَ ٣١— Фираундан куткардык. Ал өзүн (Аллаһтан да) бийик сезген, чектен чыккан адамдардан эле وَلَقَدِ ٱخۡتَرۡنَٰهُمۡ عَلَىٰ عِلۡمٍ عَلَى ٱلۡعَٰلَمِينَ ٣٢Биз билген абалда аларды (Исрайил урпактарын) ааламдардан (адамдардан) тандап алган элек وَءَاتَيۡنَٰهُم مِّنَ ٱلۡأٓيَٰتِ مَا فِيهِ بَلَٰٓؤٌاْ مُّبِينٌ ٣٣Жана аларга анык сыноолорду? ичине камтыган моожизаларды бердик إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَيَقُولُونَ ٣٤Алар (Курайш каапырлары) айтышты إِنۡ هِيَ إِلَّا مَوۡتَتُنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُنشَرِينَ ٣٥«Биринчи өлүмүбүздөн башка өлүм (биринчи жашообуздан башка жашоо) жок. Биз (эч качан) кайра тирилбейбиз فَأۡتُواْ بِـَٔابَآئِنَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٣٦Эгер силер (о, момундар) чынчыл болсоңор,? биздин ата-бабабызды (тирилтип) алып келгилечи?!» أَهُمۡ خَيۡرٌ أَمۡ قَوۡمُ تُبَّعٍ وَٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ أَهۡلَكۡنَٰهُمۡۚ إِنَّهُمۡ كَانُواْ مُجۡرِمِينَ ٣٧Ушулар (Макка мушриктери) жакшыбы же болбосо, Тубба* коому жакшыбы? (Ал коом) булардан мурун жашаган (сан жагынан да, күч-кубат жагынан да булардан артык болгон) адамдар. Биз ошолорду да кыйраттык. (Себеби) алар күнөөкөр коом эле وَمَا خَلَقۡنَا ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضَ وَمَا بَيۡنَهُمَا لَٰعِبِينَ ٣٨Биз асмандарды, жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратканыбыз жок مَا خَلَقۡنَٰهُمَآ إِلَّا بِٱلۡحَقِّ وَلَٰكِنَّ أَكۡثَرَهُمۡ لَا يَعۡلَمُونَ ٣٩Ал экөөсүн (жана ортосундагы нерселерди) Акыйкат менен жараттык. Бирок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ مِيقَٰتُهُمۡ أَجۡمَعِينَ ٤٠Чынында, (акыйкат менен жалган) ажыратыла турган (Кыямат) Күн бардык адамдардын эсеп берчү убактысы يَوۡمَ لَا يُغۡنِي مَوۡلًى عَن مَّوۡلًى شَيۡـًٔا وَلَا هُمۡ يُنصَرُونَ ٤١Ал күндө дос (өзүнүн) досуна эч нерсени жардам бере албайт жана өздөрү да (эч кимден) жардам ала албайт إِلَّا مَن رَّحِمَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ هُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلرَّحِيمُ ٤٢Бир гана Аллаһ ырайым кылган кишилерге (Аллаһ тарабынан жардам берилет). Ал Кудуреттүү жана Ырайымдуу إِنَّ شَجَرَتَ ٱلزَّقُّومِ ٤٣(Тозоктогу) «Заккум» дарагы — طَعَامُ ٱلۡأَثِيمِ ٤٤Күнөөкөр адамдардын тамагы كَٱلۡمُهۡلِ يَغۡلِي فِي ٱلۡبُطُونِ ٤٥Ал курсактарда кайнаган ириң (же зайтун майы) сыяктуу كَغَلۡيِ ٱلۡحَمِيمِ ٤٦Кайнак суунун кайнаганы сыяктуу خُذُوهُ فَٱعۡتِلُوهُ إِلَىٰ سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ ٤٧«Аны (күнөөкөр адамды) кармагыла (жана) тозоктун ортосуна сүйрөгүлө!» ثُمَّ صُبُّواْ فَوۡقَ رَأۡسِهِۦ مِنۡ عَذَابِ ٱلۡحَمِيمِ ٤٨Кийин башынан ылдый кайнак суу азабын куйгула!» ذُقۡ إِنَّكَ أَنتَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡكَرِيمُ ٤٩(Эй, кылмышкер, мушрик! Азабыңды) тарт! Сен «улук-урматтуу» эмес белең إِنَّ هَٰذَا مَا كُنتُم بِهِۦ تَمۡتَرُونَ ٥٠Бул— силер ишенбеген азаптар إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي مَقَامٍ أَمِينٍ ٥١Ал эми, такыбаа кишилер тынч-бейпил жерлерде فِي جَنَّٰتٍ وَعُيُونٍ ٥٢Бейиштерде, булактарда يَلۡبَسُونَ مِن سُندُسٍ وَإِسۡتَبۡرَقٍ مُّتَقَٰبِلِينَ ٥٣«Истабрак» жана «сундус» (деген) жибек кийимдерден кийип, бет-маңдай (сүйлөшүп) отурушат كَذَٰلِكَ وَزَوَّجۡنَٰهُم بِحُورٍ عِينٍ ٥٤Ошондой эле, Биз аларды бото көз сулууларга үйлөнтүп койобуз يَدۡعُونَ فِيهَا بِكُلِّ فَٰكِهَةٍ ءَامِنِينَ ٥٥Алар анда эч кайгысыз абалда, ар түрдүү мөмөлөрдөн чакырышат لَا يَذُوقُونَ فِيهَا ٱلۡمَوۡتَ إِلَّا ٱلۡمَوۡتَةَ ٱلۡأُولَىٰۖ وَوَقَىٰهُمۡ عَذَابَ ٱلۡجَحِيمِ ٥٦Ал жерде биринчи (дүйнөдөгү) өлүмдөн башка өлүмдү(н даамын) татышпайт. (Аллаһ) аларды тозок азабынан сактаган فَضۡلًا مِّن رَّبِّكَۚ ذَٰلِكَ هُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ ٥٧(Бул) — Раббиңден болгон пазилет! Бул — чоң жеңиш فَإِنَّمَا يَسَّرۡنَٰهُ بِلِسَانِكَ لَعَلَّهُمۡ يَتَذَكَّرُونَ ٥٨(О, Мухаммад!) Биз аны (Кураанды) эскерме алышаар бекен деп, сенин тилиңе жеңил кылып койдук فَٱرۡتَقِبۡ إِنَّهُم مُّرۡتَقِبُونَ ٥٩Эми сен (Аллаһ алардын жазасын беришин) күт. Алар да (сага бир зыян келишин) күтүшүүдө

Translation: Shams Al Din Hakimov.