بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
ٱقۡرَأۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلَّذِي خَلَقَ ١Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِنۡ عَلَقٍ ٢Алинсанды уюган кандан жаратты ٱقۡرَأۡ وَرَبُّكَ ٱلۡأَكۡرَمُ ٣Оку, сенин Раббиң эң улук Зат ٱلَّذِي عَلَّمَ بِٱلۡقَلَمِ ٤Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү عَلَّمَ ٱلۡإِنسَٰنَ مَا لَمۡ يَعۡلَمۡ ٥Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди كـَلَّآ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ لَيَطۡغَىٰٓ ٦Жок! Чынында, инсан чектен ашат أَن رَّءَاهُ ٱسۡتَغۡنَىٰٓ ٧өзүн бай-беймуктаж көргөндө إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلرُّجۡعَىٰٓ ٨Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана أَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي يَنۡهَىٰ ٩Көрдүңбү сен тыюу салган кишини عَبۡدًا إِذَا صَلَّىٰٓ ١٠намаз окуган пендеге أَرَءَيۡتَ إِن كَانَ عَلَى ٱلۡهُدَىٰٓ ١١Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо أَوۡ أَمَرَ بِٱلتَّقۡوَىٰٓ ١٢Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса أَرَءَيۡتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰٓ ١٣(О, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе أَلَمۡ يَعۡلَم بِأَنَّ ٱللَّهَ يَرَىٰ ١٤Билбейби ал Аллаһ көрүп турганын كـَلَّا لَئِن لَّمۡ يَنتَهِ لَنَسۡفَعَۢا بِٱلنَّاصِيَةِ ١٥Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз نَاصِيَةٍ كَٰذِبَةٍ خَاطِئَةٍ ١٦Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан فَلۡيَدۡعُ نَادِيَهُۥ ١٧Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин سَنَدۡعُ ٱلزَّبَانِيَةَ ١٨Биз дагы (“Забаания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз كـَلَّا لَا تُطِعۡهُ وَٱسۡجُدۡۤ وَٱقۡتَرِب ۩ ١٩Жок, сен ага! моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллаһ Таалага) жакын бол