Millat al-Islam

Chapter 90 · 20 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah Al-Balad in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah Al-Balad (1312 reciters)
Meccanسورة البلد20 verses

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

لَآ أُقۡسِمُ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ ١Ушул шаарга” ант وَأَنتَ حِلُّۢ بِهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ ٢Сен (о, Мухаммад) ушул шаарда жашайсың وَوَالِدٍ وَمَا وَلَدَ ٣(Адам)-Атага жана урпактарга ант لَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِي كَبَدٍ ٤Биз инсанды машакатка жараттык أَيَحۡسَبُ أَن لَّن يَقۡدِرَ عَلَيۡهِ أَحَدٌ ٥(Каапыр) инсан өзүнө эч кимдин күчү жетпейт деп ойлойбу يَقُولُ أَهۡلَكۡتُ مَالًا لُّبَدًا ٦Ал “эсепсиз мал-дүйнө короттум” дейт أَيَحۡسَبُ أَن لَّمۡ يَرَهُۥٓ أَحَدٌ ٧Алөзүн эч ким көрбөй турат деп ойлойбу أَلَمۡ نَجۡعَل لَّهُۥ عَيۡنَيۡنِ ٨Биз ага эки көз бербедикпи وَلِسَانًا وَشَفَتَيۡنِ ٩Тил жана эки эрин бербедикпи وَهَدَيۡنَٰهُ ٱلنَّجۡدَيۡنِ ١٠Жана Биз аны эки жолго багыттадык فَلَا ٱقۡتَحَمَ ٱلۡعَقَبَةَ ١١Ал (каапыр инсан) оор жолго жүрбөдү وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡعَقَبَةُ ١٢(О, Мухаммад) сен оор жол эмне экенин билбейсиң فَكُّ رَقَبَةٍ ١٣(Оор жол — бул) кул азат кылуу أَوۡ إِطۡعَٰمٌ فِي يَوۡمٍ ذِي مَسۡغَبَةٍ ١٤же болбосо каатчылык күндө тамак-аш берүү — يَتِيمًا ذَا مَقۡرَبَةٍ ١٥тууганчылыгы бар жетимге أَوۡ مِسۡكِينًا ذَا مَتۡرَبَةٍ ١٦Же чаңга буланган кедейге ثُمَّ كَانَ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلصَّبۡرِ وَتَوَاصَوۡاْ بِٱلۡمَرۡحَمَةِ ١٧Кийин (бул кайрымдуулукту жасаган) адам ыймандуулардан жана бири-бирин сабырга, ырайымдуулукка чакыруучулардан болсо أُوْلَٰٓئِكَ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ ١٨Дал ошолор оң тарап ээлери وَٱلَّذِينَ كَفَرُواْ بِـَٔايَٰتِنَا هُمۡ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ ١٩Ал эми, Биздин аяттарыбызга каапыр болгондор сол тарап ээлери عَلَيۡهِمۡ نَارٌ مُّؤۡصَدَةُۢ ٢٠Аларды ар жактан от каптап алган

Translation: Shams Al Din Hakimov.