بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ ٱلۡغَٰشِيَةِ ١(О, Мухаммад!) сага Ороп алуучунун кабары келдиби?” وُجُوهٌ يَوۡمَئِذٍ خَٰشِعَةٌ ٢Ал Күндө (каапыр) жүздөр коркууда(н кубарып, жер карайт) عَامِلَةٌ نَّاصِبَةٌ ٣(Тозоктогу кишендерден) чарчаган, кыйналган абалда تَصۡلَىٰ نَارًا حَامِيَةً ٤кызыган отко кирет تُسۡقَىٰ مِنۡ عَيۡنٍ ءَانِيَةٍ ٥(Аларга) кайнаган булактан суу ичирилет لَّيۡسَ لَهُمۡ طَعَامٌ إِلَّا مِن ضَرِيعٍ ٦Алар үчүн (тозокто) тикенден башка тамак жок لَّا يُسۡمِنُ وَلَا يُغۡنِي مِن جُوعٍ ٧(Ал) семиртпейт жана тойдурбайт وُجُوهٌ يَوۡمَئِذٍ نَّاعِمَةٌ ٨Ал күндө (ыймандуу) жүздөр шат — куунак لِّسَعۡيِهَا رَاضِيَةٌ ٩(Бул дүйнөдөгү адал, сооп) иш — аракеттерине ыраазы فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٍ ١٠Жогорку Бейиште لَّا تَسۡمَعُ فِيهَا لَٰغِيَةً ١١Анда маанисиз сөздөрдү укпайт فِيهَا عَيۡنٌ جَارِيَةٌ ١٢Анда агып турган булактар فِيهَا سُرُرٌ مَّرۡفُوعَةٌ ١٣Бийик сөрүлөр وَأَكۡوَابٌ مَّوۡضُوعَةٌ ١٤(Ичишке даярдап) коюлган чөйчөктөр وَنَمَارِقُ مَصۡفُوفَةٌ ١٥Сап-сап тизилген жаздыктар وَزَرَابِيُّ مَبۡثُوثَةٌ ١٦Жана төшөлгөн килемдер бар أَفَلَا يَنظُرُونَ إِلَى ٱلۡإِبِلِ كَيۡفَ خُلِقَتۡ ١٧Алар (Каапырлар) карашпайбы, төөнүн кандай жаратылганына وَإِلَى ٱلسَّمَآءِ كَيۡفَ رُفِعَتۡ ١٨Асмандын кандай көтөрүп коюлганына وَإِلَى ٱلۡجِبَالِ كَيۡفَ نُصِبَتۡ ١٩Тоолордун кандай сайып коюлганына وَإِلَى ٱلۡأَرۡضِ كَيۡفَ سُطِحَتۡ ٢٠Жана жердин кандай жайып коюлганына فَذَكِّرۡ إِنَّمَآ أَنتَ مُذَكِّرٌ ٢١(О, Мухаммад) эскерткин! Анткени, сен эскертүүчүсүң لَّسۡتَ عَلَيۡهِم بِمُصَيۡطِرٍ ٢٢Сен аларга үстөмдүк кылуучу эмессиң إِلَّا مَن تَوَلَّىٰ وَكَفَرَ ٢٣Бирок, ким жүз бурса жана каапыр болсо فَيُعَذِّبُهُ ٱللَّهُ ٱلۡعَذَابَ ٱلۡأَكۡبَرَ ٢٤Аны Аллаһ чоң азапка салат إِنَّ إِلَيۡنَآ إِيَابَهُمۡ ٢٥Алар (өлгөндөн соң) Бизге кайтышат ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا حِسَابَهُم ٢٦Кийин алар менен Өзүбүз эсептешип алабыз