Millat al-Islam

Chapter 70 · 44 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah Al-Maarij in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah Al-Maarij (1275 reciters)

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

سَأَلَ سَآئِلُۢ بِعَذَابٍ وَاقِعٍ ١(Мушриктерден) бир суроочу? собол кылды түшүүчү азап жөнүндө — لِّلۡكَٰفِرِينَ لَيۡسَ لَهُۥ دَافِعٌ ٢— каапырлардын башына. (Азап сөзсүз келет. Ошондо) аны кайтаруучу (күч) болбой калат مِّنَ ٱللَّهِ ذِي ٱلۡمَعَارِجِ ٣(Ал азап) Маьариж — тепкичтердин? ээси Аллаһ тарабынан (келет) تَعۡرُجُ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ وَٱلرُّوحُ إِلَيۡهِ فِي يَوۡمٍ كَانَ مِقۡدَارُهُۥ خَمۡسِينَ أَلۡفَ سَنَةٍ ٤Периштелер менен Рух Ага (Аллаһ Таалага) өлчөмү элүү миң жылга тең болгон күндө көтөрүлүп барышат فَٱصۡبِرۡ صَبۡرًا جَمِيلًا ٥(О, Мухаммад!) Сен (мушриктердин «жалган» деген сөзүнө жана зыяндуу иштерине) эң сонун сабыр кыл إِنَّهُمۡ يَرَوۡنَهُۥ بَعِيدًا ٦Алар аны (кайра тирилүүнү акылдардан) алыс деп ойлошот وَنَرَىٰهُ قَرِيبًا ٧Биз болсо, жакын (анык) деп билебиз يَوۡمَ تَكُونُ ٱلسَّمَآءُ كَٱلۡمُهۡلِ ٨Ал күндө асман эритилген жез сыяктуу وَتَكُونُ ٱلۡجِبَالُ كَٱلۡعِهۡنِ ٩Алэми, тоолор тытылган жүн сыяктуу болуп калат وَلَا يَسۡـَٔلُ حَمِيمٌ حَمِيمًا ١٠(Ал күнү) дос өзүнүн жакын досун(ун абалын) сурай албайт يُبَصَّرُونَهُمۡۚ يَوَدُّ ٱلۡمُجۡرِمُ لَوۡ يَفۡتَدِي مِنۡ عَذَابِ يَوۡمِئِذِۭ بِبَنِيهِ ١١Аларды (бири-бирине) көрсөтүлөт. Күнөөкөр (тозоку) адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин وَصَٰحِبَتِهِۦ وَأَخِيهِ ١٢аялын жана ага-инилерин وَفَصِيلَتِهِ ٱلَّتِي تُـٔۡوِيهِ ١٣өзүнө арка-жөлөк болгон тууган уруктарын وَمَن فِي ٱلۡأَرۡضِ جَمِيعًا ثُمَّ يُنجِيهِ ١٤жана деги эле, жер бетиндеги бардык адамдарды садага чаап, анан (ушул төлөмү) өзүн (тозоктон) куткарып кетүүсүн каалайт كـَلَّآۖ إِنَّهَا لَظَىٰ ١٥Жок! Ал (тозок) — алоолонгон от نَزَّاعَةً لِّلشَّوَىٰ ١٦терилерди шылып алуучу تَدۡعُواْ مَنۡ أَدۡبَرَ وَتَوَلَّىٰ ١٧Ал от (кучагына) чакырат (акыйкаттан) жүз буруп, артка кеткендерди وَجَمَعَ فَأَوۡعَىٰٓ ١٨жана (адал-арамына карабай дүйнө-мүлк) жыйнап, (андан садака кылбай) басып-чогултуп жаткан адамдарды ۞ إِنَّ ٱلۡإِنسَٰنَ خُلِقَ هَلُوعًا ١٩Чынында инсан чыдамсыз жаратылган إِذَا مَسَّهُ ٱلشَّرُّ جَزُوعًا ٢٠Эгер аны жаман (тагдыр) кармаса, чыдамсыздык кылат وَإِذَا مَسَّهُ ٱلۡخَيۡرُ مَنُوعًا ٢١Жакшы (тагдыр) кармаса кызганчаак болуп калат إِلَّا ٱلۡمُصَلِّينَ ٢٢Намаз окуучулар гана андай эмес ٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ دَآئِمُونَ ٢٣Алар намаздарын дайым окушат وَٱلَّذِينَ فِيٓ أَمۡوَٰلِهِمۡ حَقٌّ مَّعۡلُومٌ ٢٤Алардын дүйнө-мүлкүндө белгилүү акы (үлүш) бар لِّلسَّآئِلِ وَٱلۡمَحۡرُومِ ٢٥муктаждар жана сурагандар үчүн وَٱلَّذِينَ يُصَدِّقُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ ٢٦Алар Эсеп (Акырет) күнүн тастыкташат وَٱلَّذِينَ هُم مِّنۡ عَذَابِ رَبِّهِم مُّشۡفِقُونَ ٢٧Алар Раббисинин азабынан коркушат إِنَّ عَذَابَ رَبِّهِمۡ غَيۡرُ مَأۡمُونٍ ٢٨Чынында, Раббисинин азабы(нан) аманда болуу (эч ким үчүн кепилденген) эмес وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِفُرُوجِهِمۡ حَٰفِظُونَ ٢٩Жана алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат إِلَّا عَلَىٰٓ أَزۡوَٰجِهِمۡ أَوۡ مَا مَلَكَتۡ أَيۡمَٰنُهُمۡ فَإِنَّهُمۡ غَيۡرُ مَلُومِينَ ٣٠Өздөрүнүн (ак никедеги) аялдарына жана күңдөрүнө гана («барышат»). Ошондо алар (күнөөлүү деп) айыпталбайт فَمَنِ ٱبۡتَغَىٰ وَرَآءَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡعَادُونَ ٣١Ким ушундан кийин (башкаларды никесиз) «кааласа», алар чектен чыккандар وَٱلَّذِينَ هُمۡ لِأَمَٰنَٰتِهِمۡ وَعَهۡدِهِمۡ رَٰعُونَ ٣٢Жана алар өз аманаттарын, убада-келишимдерин бекем сакташат وَٱلَّذِينَ هُم بِشَهَٰدَٰتِهِمۡ قَآئِمُونَ ٣٣Күбөлүк бергенде (жалган аралаштырбай) түз болушат وَٱلَّذِينَ هُمۡ عَلَىٰ صَلَاتِهِمۡ يُحَافِظُونَ ٣٤Алар намаздарын(ын убактысын) сакташат أُوْلَٰٓئِكَ فِي جَنَّٰتٍ مُّكۡرَمُونَ ٣٥Алар — Бейиштерде сыйлануучулар فَمَالِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ قِبَلَكَ مُهۡطِعِينَ ٣٦(О, Мухаммад), каапырларга эмне болду, сен тарапка шашылышат عَنِ ٱلۡيَمِينِ وَعَنِ ٱلشِّمَالِ عِزِينَ ٣٧Оң каптал жана сол капталдан топурап أَيَطۡمَعُ كُلُّ ٱمۡرِيٍٕ مِّنۡهُمۡ أَن يُدۡخَلَ جَنَّةَ نَعِيمٍ ٣٨Алардын ар бири Нээмат Бейишине кирүүнү каалайбы كـَلَّآۖ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّمَّا يَعۡلَمُونَ ٣٩Жок, (эч андай болбойт!) Биз аларды өздөрүнө белгилүү нерседен (бир тамчы атырылган суудан) жараттык فَلَآ أُقۡسِمُ بِرَبِّ ٱلۡمَشَٰرِقِ وَٱلۡمَغَٰرِبِ إِنَّا لَقَٰدِرُونَ ٤٠Чыгыштар менен батыштардын Раббисине ант, Биз кудуреттүүбүз عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ خَيۡرًا مِّنۡهُمۡ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ ٤١аларды жакшыраак (ыймандуу элдерге) алмаштырып коюуга! Жана Биз (буга) алсыз эмеспиз فَذَرۡهُمۡ يَخُوضُواْ وَيَلۡعَبُواْ حَتَّىٰ يُلَٰقُواْ يَوۡمَهُمُ ٱلَّذِي يُوعَدُونَ ٤٢(О, Мухаммад) эми, жөн кой аларды. Убада кылынган (өлүп, азапка дуушар боло турган) күндөрүнө жолукканга чейин (күнөө деңизине) чумкуп, ойноп-күлүп жүрө беришсин يَوۡمَ يَخۡرُجُونَ مِنَ ٱلۡأَجۡدَاثِ سِرَاعًا كَأَنَّهُمۡ إِلَىٰ نُصُبٍ يُوفِضُونَ ٤٣(Ал эми) ошол күндө алар мүрзөлөрүнөн чыгып, бир байракты ээрчиген сыяктуу (чогуу жана) тез келишет خَٰشِعَةً أَبۡصَٰرُهُمۡ تَرۡهَقُهُمۡ ذِلَّةٌۚ ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلَّذِي كَانُواْ يُوعَدُونَ ٤٤Көздөрү (жер тиктеп) бөжүрөйүп, (ар тараптан) кордук ороп турат. Мына ушул — аларга убада кылынган Күн

Translation: Shams Al Din Hakimov.