بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡمُدَّثِّرُ ١ӨО,чүмкөнүп (жатып) алган адам قُمۡ فَأَنذِرۡ ٢Туруп (элдерге Акыретти) эскерт وَرَبَّكَ فَكَبِّرۡ ٣Жана Раббиңдин улуулугун даңазала وَثِيَابَكَ فَطَهِّرۡ ٤Жана кийимиңди тазала وَٱلرُّجۡزَ فَٱهۡجُرۡ ٥Жана ыпластыктан ыраак бол!“ وَلَا تَمۡنُن تَسۡتَكۡثِرُ ٦Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба وَلِرَبِّكَ فَٱصۡبِرۡ ٧(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл فَإِذَا نُقِرَ فِي ٱلنَّاقُورِ ٨Эми, качан (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда) فَذَٰلِكَ يَوۡمَئِذٍ يَوۡمٌ عَسِيرٌ ٩Мына ушул күн-оөтө оор күн عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ غَيۡرُ يَسِيرٍ ١٠Каапырларга жеңил болбогон (күн) ذَرۡنِي وَمَنۡ خَلَقۡتُ وَحِيدًا ١١(О, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой وَجَعَلۡتُ لَهُۥ مَالًا مَّمۡدُودًا ١٢Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим وَبَنِينَ شُهُودًا ١٣Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим وَمَهَّدتُّ لَهُۥ تَمۡهِيدًا ١٤Жана ага өтө кененчилик бердим ثُمَّ يَطۡمَعُ أَنۡ أَزِيدَ ١٥Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат كـَلَّآۖ إِنَّهُۥ كَانَ لِأٓيَٰتِنَا عَنِيدًا ١٦Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты سَأُرۡهِقُهُۥ صَعُودًا ١٧Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын إِنَّهُۥ فَكَّرَ وَقَدَّرَ ١٨Себеби, ал (Кураан жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү فَقُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ ١٩Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү ثُمَّ قُتِلَ كَيۡفَ قَدَّرَ ٢٠Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү ثُمَّ نَظَرَ ٢١Анан (чыгарган тыянагын) байкап көрдү ثُمَّ عَبَسَ وَبَسَرَ ٢٢Кийин (жактырбай) кабак чытып, маңдайын тырыштырды ثُمَّ أَدۡبَرَ وَٱسۡتَكۡبَرَ ٢٣Андан соң (акыйкаттан артка кетенчиктеп) текеберленди فَقَالَ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٌ يُؤۡثَرُ ٢٤Анан айтты: «Бул байыркыдан калган сыйкыр إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا قَوۡلُ ٱلۡبَشَرِ ٢٥Бул- адамдын гана сөзү» سَأُصۡلِيهِ سَقَرَ ٢٦Мен аны жакында “Сакар” тозогуна киргиземин وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سَقَرُ ٢٧(О, Мухаммад) сен “Сакар” тозогунун кандай экенин билбейсиң لَا تُبۡقِي وَلَا تَذَرُ ٢٨Ал (өзүнө ташталган эч бир кылмышкерди) калтырбайт жана жөн койбойт لَوَّاحَةٌ لِّلۡبَشَرِ ٢٩(Терини карартып,) өзгөртүп койот عَلَيۡهَا تِسۡعَةَ عَشَرَ ٣٠Анын үстүндө он тогуз (орой периштелер) бар وَمَا جَعَلۡنَآ أَصۡحَٰبَ ٱلنَّارِ إِلَّا مَلَٰٓئِكَةًۖ وَمَا جَعَلۡنَا عِدَّتَهُمۡ إِلَّا فِتۡنَةً لِّلَّذِينَ كَفَرُواْ لِيَسۡتَيۡقِنَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَيَزۡدَادَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ إِيمَٰنًا وَلَا يَرۡتَابَ ٱلَّذِينَ أُوتُواْ ٱلۡكِتَٰبَ وَٱلۡمُؤۡمِنُونَ وَلِيَقُولَ ٱلَّذِينَ فِي قُلُوبِهِم مَّرَضٌ وَٱلۡكَٰفِرُونَ مَاذَآ أَرَادَ ٱللَّهُ بِهَٰذَا مَثَلًاۚ كَذَٰلِكَ يُضِلُّ ٱللَّهُ مَن يَشَآءُ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُۚ وَمَا يَعۡلَمُ جُنُودَ رَبِّكَ إِلَّا هُوَۚ وَمَا هِيَ إِلَّا ذِكۡرَىٰ لِلۡبَشَرِ ٣١Биз тозоктун кожоюндарын периштелерден гана кылдык жана алардын санын, каапыр болгон адамдарды сыноо үчүн, китеп элдери (яхудийлер менен христиандар) анык билип алуулары үчүн, жана ыймандуулардын ыйманы дагы (бир нече даражага) көбөйүшү үчүн (он тогуз даана) кылдык. Жана китеп (Тоорат, Инжил) берилген элдер менен момундар (периштелердин саны боюнча) шектенип калбашы үчүн, ал эми, жүрөгүндө кара ниети болгон адамдар (мунаафыктар) менен каапырлар: «Аллаһ бул мисал менен эмнени каалады экен» деп (шектенип) сүйлөшү үчүн (Аллаһ тозок периштелеринин санын он тогуз даана кылды). Аллаһ мына ушинтип, Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаганын Туура Жолго салат. (О, Мухаммад, периштелерден турган) Раббиңдин аскерлерин(ин санын) бир Өзү гана билет. Жана бул (насааттар) адамдар үчүн эскертүүдөн башка (нерсе) эмес كـَلَّا وَٱلۡقَمَرِ ٣٢Жок, Мен айга ант (ичип) وَٱلَّيۡلِ إِذۡ أَدۡبَرَ ٣٣кайтып кеткен түнгө ант (ичип) وَٱلصُّبۡحِ إِذَآ أَسۡفَرَ ٣٤(агарып) келе жаткан таңга ант (ичип) إِنَّهَا لَإِحۡدَى ٱلۡكُبَرِ ٣٥(Айтамын): Чынында ал (“Сакар” тозогу) чоң балээлердин бири نَذِيرًا لِّلۡبَشَرِ ٣٦(“Сакар” тозогу) адамдарга эскертүү لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَتَقَدَّمَ أَوۡ يَتَأَخَّرَ ٣٧Силердин араңардагы, (Аллаһтын ыраазычылыгына) умтулууну же болбосо кетенчиктеп кетүүнү каалагандар үчүн كُلُّ نَفۡسِۭ بِمَا كَسَبَتۡ رَهِينَةٌ ٣٨Ар бир жан (ээси) өзү жасаган (күнөө) иштердин туткуну إِلَّآ أَصۡحَٰبَ ٱلۡيَمِينِ ٣٩Оң тарап ээлери гана андай (туткун) эмес فِي جَنَّٰتٍ يَتَسَآءَلُونَ ٤٠Алар Бейиштерде туруп сурашат عَنِ ٱلۡمُجۡرِمِينَ ٤١(тозоктогу) кылмышкерлерден مَا سَلَكَكُمۡ فِي سَقَرَ ٤٢«Силерди «Сакар» тозогуна эмне түшүрдү?» قَالُواْ لَمۡ نَكُ مِنَ ٱلۡمُصَلِّينَ ٤٣Алар айтышат: «Биз намаз окуучулардан болбодук وَلَمۡ نَكُ نُطۡعِمُ ٱلۡمِسۡكِينَ ٤٤Жана бей-бечараларды тамактандырбадык وَكُنَّا نَخُوضُ مَعَ ٱلۡخَآئِضِينَ ٤٥(Күнөө деңизине) чөмүлгөндөр менен бирге чөмүлдүк وَكُنَّا نُكَذِّبُ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ ٤٦Жана Акырет күндү жалган дедик حَتَّىٰٓ أَتَىٰنَا ٱلۡيَقِينُ ٤٧Башыбызга өлүм келгенге чейин» فَمَا تَنفَعُهُمۡ شَفَٰعَةُ ٱلشَّٰفِعِينَ ٤٨Эми аларга (тозокуларга) эч бир шапаатчынын шапааты пайда бербейт فَمَا لَهُمۡ عَنِ ٱلتَّذۡكِرَةِ مُعۡرِضِينَ ٤٩Аларга (каапырларга) эмне болду, насааттан (Кураандан) жүз буруп качышат كَأَنَّهُمۡ حُمُرٌ مُّسۡتَنفِرَةٌ ٥٠Жапайы эшектерге окшоп فَرَّتۡ مِن قَسۡوَرَةِۭ ٥١арстандан үркүп качкан بَلۡ يُرِيدُ كُلُّ ٱمۡرِيٍٕ مِّنۡهُمۡ أَن يُؤۡتَىٰ صُحُفًا مُّنَشَّرَةً ٥٢Жок, алардын ар бири (жеке өзүнө гана, атайын арналган) ачык китептер берилишин каалашат!” كـَلَّاۖ بَل لَّا يَخَافُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ ٥٣Жок, андай эмес! (чынында) алар Акыреттен коркушпайт كـَلَّآ إِنَّهُۥ تَذۡكِرَةٌ ٥٤Жок, андай эмес! Чынында, бул (Кураан эң чоң) эскерме-насаат فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ ٥٥Ким кааласа андан сабак алат وَمَا يَذۡكُرُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُۚ هُوَ أَهۡلُ ٱلتَّقۡوَىٰ وَأَهۡلُ ٱلۡمَغۡفِرَةِ ٥٦Бирок, (андан) Аллаһ каалаган пенделер гана насаат ала билишет. (Анткени), Ал (Аллаһ Таала) гана коркууга жана кечирим суроого татыктуу