Millat al-Islam

Chapter 83 · 36 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah Al-Mutaffifin in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah Al-Mutaffifin (1304 reciters)

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَيۡلٌ لِّلۡمُطَفِّفِينَ ١Таразадан алдагандарга чоң азап болсун ٱلَّذِينَ إِذَا ٱكۡتَالُواْ عَلَى ٱلنَّاسِ يَسۡتَوۡفُونَ ٢Алар адамдардан (бир нерсени) өлчөтүп (же тарттырып) алган кезде толтуруп алышат дагы وَإِذَا كَالُوهُمۡ أَو وَّزَنُوهُمۡ يُخۡسِرُونَ ٣Бирөөлөргө өлчөп же тартып бергенде кемитип беришет أَلَا يَظُنُّ أُوْلَٰٓئِكَ أَنَّهُم مَّبۡعُوثُونَ ٤Алар кайра тирилүүлөрүн ойлонушпайт бекен لِيَوۡمٍ عَظِيمٍ ٥Улуу Күн — Кыяматта يَوۡمَ يَقُومُ ٱلنَّاسُ لِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٦Ал күнү (бардык) адамдар ааламдардын Раббисинин алдында (сурак берүү үчүн) тикесинен туруп калышат كـَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡفُجَّارِ لَفِي سِجِّينٍ ٧Жок! Бузукулардын амал китептери «Сижжийнде» экени анык وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا سِجِّينٌ ٨(О, Мухаммад!) сен «Сижжийн» эмне экенин билбейсиң كِتَٰبٌ مَّرۡقُومٌ ٩Ал— жазылган китеп وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ١٠Ал (Кыямат) күндө (аны) жалган дегендерге чоң азап берилет ٱلَّذِينَ يُكَذِّبُونَ بِيَوۡمِ ٱلدِّينِ ١١Алар сурак күндү жалган дегендер وَمَا يُكَذِّبُ بِهِۦٓ إِلَّا كُلُّ مُعۡتَدٍ أَثِيمٍ ١٢Ал күндү ар бир чектен чыккан, күнөөгө баткан (каапыр) пенделер «жалган» дешет إِذَا تُتۡلَىٰ عَلَيۡهِ ءَايَٰتُنَا قَالَ أَسَٰطِيرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ١٣А(лар)га Биздин аяттарыбыз окуп берилген кезде «(бул) байыркылардын жөө жомогу» дешет كـَلَّاۖ بَلۡۜ رَانَ عَلَىٰ قُلُوبِهِم مَّا كَانُواْ يَكۡسِبُونَ ١٤Жок, тескерисинче, жасаган (күнөө) иштери жүрөктөрүн ороп алган كـَلَّآ إِنَّهُمۡ عَن رَّبِّهِمۡ يَوۡمَئِذٍ لَّمَحۡجُوبُونَ ١٥Чынында, ошол (Кыямат) күнү алар Раббилеринен тосулган болушат ثُمَّ إِنَّهُمۡ لَصَالُواْ ٱلۡجَحِيمِ ١٦Андан соң, алар тозокко ташталышат ثُمَّ يُقَالُ هَٰذَا ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ١٧Кийин аларга: «Силер аны «жалган» деген нерсе (тозок) ушул!»-деп айтылат كـَلَّآ إِنَّ كِتَٰبَ ٱلۡأَبۡرَارِ لَفِي عِلِّيِّينَ ١٨Чынында, жакшы пенделердин китептери? «Иллийюнда» وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا عِلِّيُّونَ ١٩(О, Мухаммад!) Сен «Иллийюн» эмне экенин билбейсиң كِتَٰبٌ مَّرۡقُومٌ ٢٠(Ал) - жазылган китеп يَشۡهَدُهُ ٱلۡمُقَرَّبُونَ ٢١Аны (Аллаһка) жакындар (периштелер) көрүп турат إِنَّ ٱلۡأَبۡرَارَ لَفِي نَعِيمٍ ٢٢Жакшы (ыймандуу) пенделер «Наим» (деп аталган) бейиштерде عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ ٢٣Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат تَعۡرِفُ فِي وُجُوهِهِمۡ نَضۡرَةَ ٱلنَّعِيمِ ٢٤Сен алардын жүздөрүнөн «Наим» бейишинин кубаныч-таасирин көрөсүң يُسۡقَوۡنَ مِن رَّحِيقٍ مَّخۡتُومٍ ٢٥Аларга (мас кылуу кесепетинен) сакталган таттуу шараптар ичирилет خِتَٰمُهُۥ مِسۡكٌۚ وَفِي ذَٰلِكَ فَلۡيَتَنَافَسِ ٱلۡمُتَنَٰفِسُونَ ٢٦Ал шараптын сактагычы -«миск»!. Эми, ушул нерсе үчүн жарышкандар жарышсын وَمِزَاجُهُۥ مِن تَسۡنِيمٍ ٢٧Ал шараптын (дагы бир) аралашмасы «таснимден» عَيۡنًا يَشۡرَبُ بِهَا ٱلۡمُقَرَّبُونَ ٢٨(Тасним - бул) Аллаһка эң жакын болгон пенделер гана иче ала турган булак إِنَّ ٱلَّذِينَ أَجۡرَمُواْ كَانُواْ مِنَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ يَضۡحَكُونَ ٢٩Ал эми, күнөөкөр адамдар (бул дүйнөдө) ыймандуу кишилердин үстүнөн күлгөн وَإِذَا مَرُّواْ بِهِمۡ يَتَغَامَزُونَ ٣٠(Ыймандуулар) алардын жанынан өткөндө, (бири-бирине) ымдап көргөзүп, шылдыңдашкан وَإِذَا ٱنقَلَبُوٓاْ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِمُ ٱنقَلَبُواْ فَكِهِينَ ٣١Үй-бүлөсүнө кайтканда (мыскылдагандан ырахат алып) кубанычтуу кайтышкан وَإِذَا رَأَوۡهُمۡ قَالُوٓاْ إِنَّ هَٰٓؤُلَآءِ لَضَآلُّونَ ٣٢Эгер аларды көрүп калса, «Булар-адашкандар» деп айтышкан وَمَآ أُرۡسِلُواْ عَلَيۡهِمۡ حَٰفِظِينَ ٣٣Алар (каапырлар) аларга (ыймандууларга) кароолчу кылып жиберилбегенго فَٱلۡيَوۡمَ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنَ ٱلۡكُفَّارِ يَضۡحَكُونَ ٣٤Эми, ал (Кыямат) күндө болсо, ыйман келтиргендер каапырлардын үстүнөн күлүшөт عَلَى ٱلۡأَرَآئِكِ يَنظُرُونَ ٣٥(жана) сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап (жыргап) отурушат هَلۡ ثُوِّبَ ٱلۡكُفَّارُ مَا كَانُواْ يَفۡعَلُونَ ٣٦Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле

Translation: Shams Al Din Hakimov.