Millat al-Islam

Chapter 78 · 40 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah An-Naba in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah An-Naba (1413 reciters)
Meccanسورة النبأ40 verses

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

عَمَّ يَتَسَآءَلُونَ ١Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда عَنِ ٱلنَّبَإِ ٱلۡعَظِيمِ ٢Улук Кабар жөнүндө ٱلَّذِي هُمۡ فِيهِ مُخۡتَلِفُونَ ٣Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле كـَلَّا سَيَعۡلَمُونَ ٤Жок, андай эмес! Жакында билип алышат ثُمَّ كـَلَّا سَيَعۡلَمُونَ ٥Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ مِهَٰدًا ٦Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу وَٱلۡجِبَالَ أَوۡتَادًا ٧Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы) وَخَلَقۡنَٰكُمۡ أَزۡوَٰجًا ٨Жана Биз силерди жуп-түгөй? кылып жараттык وَجَعَلۡنَا نَوۡمَكُمۡ سُبَاتًا ٩Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык وَجَعَلۡنَا ٱلَّيۡلَ لِبَاسًا ١٠Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык وَجَعَلۡنَا ٱلنَّهَارَ مَعَاشًا ١١Күндүздү жашоо үчүн жараттык وَبَنَيۡنَا فَوۡقَكُمۡ سَبۡعًا شِدَادًا ١٢Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп وَجَعَلۡنَا سِرَاجًا وَهَّاجًا ١٣ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык وَأَنزَلۡنَا مِنَ ٱلۡمُعۡصِرَٰتِ مَآءً ثَجَّاجًا ١٤Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк لِّنُخۡرِجَ بِهِۦ حَبًّا وَنَبَاتًا ١٥чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү وَجَنَّٰتٍ أَلۡفَافًا ١٦Жана да калың бак-бостондорду إِنَّ يَوۡمَ ٱلۡفَصۡلِ كَانَ مِيقَٰتًا ١٧Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллаһ тарабынан) белгиленген убакыт يَوۡمَ يُنفَخُ فِي ٱلصُّورِ فَتَأۡتُونَ أَفۡوَاجًا ١٨Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер وَفُتِحَتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ أَبۡوَٰبًا ١٩(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот وَسُيِّرَتِ ٱلۡجِبَالُ فَكَانَتۡ سَرَابًا ٢٠Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат إِنَّ جَهَنَّمَ كَانَتۡ مِرۡصَادًا ٢١Албетте, тозок күтүп туруучу (жана) لِّلطَّٰغِينَ مَـَٔابًا ٢٢чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун لَّٰبِثِينَ فِيهَآ أَحۡقَابًا ٢٣Алар анда кылымдар бою турушат لَّا يَذُوقُونَ فِيهَا بَرۡدًا وَلَا شَرَابًا ٢٤Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт إِلَّا حَمِيمًا وَغَسَّاقًا ٢٥Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”) جَزَآءً وِفَاقًا ٢٦(Бул— күнөөлөрүнө) ылайык жаза إِنَّهُمۡ كَانُواْ لَا يَرۡجُونَ حِسَابًا ٢٧Алар (Акыреттеги) эсеп — китепке ишенишпеген وَكَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا كِذَّابًا ٢٨Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан وَكُلَّ شَيۡءٍ أَحۡصَيۡنَٰهُ كِتَٰبًا ٢٩Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз فَذُوقُواْ فَلَن نَّزِيدَكُمۡ إِلَّا عَذَابًا ٣٠Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз إِنَّ لِلۡمُتَّقِينَ مَفَازًا ٣١Ал эми, такыбаа кишилерге ийгилик жайы (Бейиш) حَدَآئِقَ وَأَعۡنَٰبًا ٣٢бак-бостондор, жүзүмдүктөр وَكَوَاعِبَ أَتۡرَابًا ٣٣жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер وَكَأۡسًا دِهَاقًا ٣٤жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар لَّا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوًا وَلَا كِذَّٰبًا ٣٥Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт جَزَآءً مِّن رَّبِّكَ عَطَآءً حِسَابًا ٣٦(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер رَّبِّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا ٱلرَّحۡمَٰنِۖ لَا يَمۡلِكُونَ مِنۡهُ خِطَابًا ٣٧(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт يَوۡمَ يَقُومُ ٱلرُّوحُ وَٱلۡمَلَٰٓئِكَةُ صَفًّاۖ لَّا يَتَكَلَّمُونَ إِلَّا مَنۡ أَذِنَ لَهُ ٱلرَّحۡمَٰنُ وَقَالَ صَوَابًا ٣٨Рух (Жебрейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат ذَٰلِكَ ٱلۡيَوۡمُ ٱلۡحَقُّۖ فَمَن شَآءَ ٱتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِۦ مَـَٔابًا ٣٩Бул- чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт إِنَّآ أَنذَرۡنَٰكُمۡ عَذَابًا قَرِيبًا يَوۡمَ يَنظُرُ ٱلۡمَرۡءُ مَا قَدَّمَتۡ يَدَاهُ وَيَقُولُ ٱلۡكَافِرُ يَٰلَيۡتَنِي كُنتُ تُرَٰبَۢا ٤٠Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт

Translation: Shams Al Din Hakimov.