Millat al-Islam

Chapter 37 · 182 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah As-Saaffat in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah As-Saaffat (1189 reciters)
Meccanسورة الصافات182 verses

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلصَّٰٓفَّٰتِ صَفًّا ١Саптарткан периштелерге ант ичип فَٱلزَّٰجِرَٰتِ زَجۡرًا ٢(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант ичип فَٱلتَّٰلِيَٰتِ ذِكۡرًا ٣(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант ичип (айтамын) إِنَّ إِلَٰهَكُمۡ لَوَٰحِدٌ ٤Силердин кудайыңар чынында Жалгыз رَّبُّ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا بَيۡنَهُمَا وَرَبُّ ٱلۡمَشَٰرِقِ ٥(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси إِنَّا زَيَّنَّا ٱلسَّمَآءَ ٱلدُّنۡيَا بِزِينَةٍ ٱلۡكَوَاكِبِ ٦Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук وَحِفۡظًا مِّن كُلِّ شَيۡطَٰنٍ مَّارِدٍ ٧Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык لَّا يَسَّمَّعُونَ إِلَى ٱلۡمَلَإِ ٱلۡأَعۡلَىٰ وَيُقۡذَفُونَ مِن كُلِّ جَانِبٍ ٨Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.? (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат دُحُورًاۖ وَلَهُمۡ عَذَابٌ وَاصِبٌ ٩(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар إِلَّا مَنۡ خَطِفَ ٱلۡخَطۡفَةَ فَأَتۡبَعَهُۥ شِهَابٌ ثَاقِبٌ ١٠Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет) فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَهُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَم مَّنۡ خَلَقۡنَآۚ إِنَّا خَلَقۡنَٰهُم مِّن طِينٍ لَّازِبِۭ ١١Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Чынында, Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз بَلۡ عَجِبۡتَ وَيَسۡخَرُونَ ١٢Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат وَإِذَا ذُكِّرُواْ لَا يَذۡكُرُونَ ١٣Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт وَإِذَا رَأَوۡاْ ءَايَةً يَسۡتَسۡخِرُونَ ١٤Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат وَقَالُوٓاْ إِنۡ هَٰذَآ إِلَّا سِحۡرٌ مُّبِينٌ ١٥Жана: «Бул анык сыйкыр» дешет أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ ١٦(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ ١٧Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» - дешет قُلۡ نَعَمۡ وَأَنتُمۡ دَٰخِرُونَ ١٨Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер) فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٌ وَٰحِدَةٌ فَإِذَا هُمۡ يَنظُرُونَ ١٩Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат» وَقَالُواْ يَٰوَيۡلَنَا هَٰذَا يَوۡمُ ٱلدِّينِ ٢٠Жана: «О, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат) هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ٱلَّذِي كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ٢١«Бул силер «жалган» деген Ажыратуу Күнү!» ۞ ٱحۡشُرُواْ ٱلَّذِينَ ظَلَمُواْ وَأَزۡوَٰجَهُمۡ وَمَا كَانُواْ يَعۡبُدُونَ ٢٢«Заалым (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула مِن دُونِ ٱللَّهِ فَٱهۡدُوهُمۡ إِلَىٰ صِرَٰطِ ٱلۡجَحِيمِ ٢٣Аллаһтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла وَقِفُوهُمۡۖ إِنَّهُم مَّسۡـُٔولُونَ ٢٤Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.! Алардан суралат مَا لَكُمۡ لَا تَنَاصَرُونَ ٢٥«Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!» بَلۡ هُمُ ٱلۡيَوۡمَ مُسۡتَسۡلِمُونَ ٢٦Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар وَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٍ يَتَسَآءَلُونَ ٢٧(Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат قَالُوٓاْ إِنَّكُمۡ كُنتُمۡ تَأۡتُونَنَا عَنِ ٱلۡيَمِينِ ٢٨(Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурла-гансыңар)» قَالُواْ بَل لَّمۡ تَكُونُواْ مُؤۡمِنِينَ ٢٩(Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар وَمَا كَانَ لَنَا عَلَيۡكُم مِّن سُلۡطَٰنِۭۖ بَلۡ كُنتُمۡ قَوۡمًا طَٰغِينَ ٣٠Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер فَحَقَّ عَلَيۡنَا قَوۡلُ رَبِّنَآۖ إِنَّا لَذَآئِقُونَ ٣١Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз فَأَغۡوَيۡنَٰكُمۡ إِنَّا كُنَّا غَٰوِينَ ٣٢Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек» فَإِنَّهُمۡ يَوۡمَئِذٍ فِي ٱلۡعَذَابِ مُشۡتَرِكُونَ ٣٣Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат إِنَّا كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ ٣٤Албетте, Биз күнөөкөрлөрдү ушинтебиз إِنَّهُمۡ كَانُوٓاْ إِذَا قِيلَ لَهُمۡ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا ٱللَّهُ يَسۡتَكۡبِرُونَ ٣٥(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен وَيَقُولُونَ أَئِنَّا لَتَارِكُوٓاْ ءَالِهَتِنَا لِشَاعِرٍ مَّجۡنُونِۭ ٣٦Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу) بَلۡ جَآءَ بِٱلۡحَقِّ وَصَدَّقَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ٣٧Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган إِنَّكُمۡ لَذَآئِقُواْ ٱلۡعَذَابِ ٱلۡأَلِيمِ ٣٨(О, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар وَمَا تُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ ٣٩Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ ٤٠Ал эми Аллаһтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери أُوْلَٰٓئِكَ لَهُمۡ رِزۡقٌ مَّعۡلُومٌ ٤١Аларга белгиленген ырыскылар бар فَوَٰكِهُ وَهُم مُّكۡرَمُونَ ٤٢Мөмө-жемиштер.., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ ٤٣Эң жакшы (нээматтуу) Бейиштерде عَلَىٰ سُرُرٍ مُّتَقَٰبِلِينَ ٤٤(Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат) يُطَافُ عَلَيۡهِم بِكَأۡسٍ مِّن مَّعِينِۭ ٤٥Аларга (Бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат بَيۡضَآءَ لَذَّةٍ لِّلشَّٰرِبِينَ ٤٦Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу لَا فِيهَا غَوۡلٌ وَلَا هُمۡ عَنۡهَا يُنزَفُونَ ٤٧Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт وَعِندَهُمۡ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ عِينٌ ٤٨Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң көз сулуулар бар كَأَنَّهُنَّ بَيۡضٌ مَّكۡنُونٌ ٤٩Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу فَأَقۡبَلَ بَعۡضُهُمۡ عَلَىٰ بَعۡضٍ يَتَسَآءَلُونَ ٥٠(Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт قَالَ قَآئِلٌ مِّنۡهُمۡ إِنِّي كَانَ لِي قَرِينٌ ٥١Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле يَقُولُ أَءِنَّكَ لَمِنَ ٱلۡمُصَدِّقِينَ ٥٢Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы أَءِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَدِينُونَ ٥٣Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?»-деген. (Бейиши Адам шериктерине) قَالَ هَلۡ أَنتُم مُّطَّلِعُونَ ٥٤«Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди فَٱطَّلَعَ فَرَءَاهُ فِي سَوَآءِ ٱلۡجَحِيمِ ٥٥Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди) قَالَ تَٱللَّهِ إِن كِدتَّ لَتُرۡدِينِ ٥٦«Аллаһка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң وَلَوۡلَا نِعۡمَةُ رَبِّي لَكُنتُ مِنَ ٱلۡمُحۡضَرِينَ ٥٧Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын أَفَمَا نَحۡنُ بِمَيِّتِينَ ٥٨Биз өлбөптүрбүзбү إِلَّا مَوۡتَتَنَا ٱلۡأُولَىٰ وَمَا نَحۡنُ بِمُعَذَّبِينَ ٥٩Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡفَوۡزُ ٱلۡعَظِيمُ ٦٠Албетте, бул чоң жеңиш لِمِثۡلِ هَٰذَا فَلۡيَعۡمَلِ ٱلۡعَٰمِلُونَ ٦١Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!» أَذَٰلِكَ خَيۡرٌ نُّزُلًا أَمۡ شَجَرَةُ ٱلزَّقُّومِ ٦٢(О, адамдар!) ушул (Бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум? дарагы жакшыбы إِنَّا جَعَلۡنَٰهَا فِتۡنَةً لِّلظَّٰلِمِينَ ٦٣Биз аны заалымдарга азап болушу үчүн жараттык إِنَّهَا شَجَرَةٌ تَخۡرُجُ فِيٓ أَصۡلِ ٱلۡجَحِيمِ ٦٤Ал-тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак طَلۡعُهَا كَأَنَّهُۥ رُءُوسُ ٱلشَّيَٰطِينِ ٦٥Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт فَإِنَّهُمۡ لَأٓكِلُونَ مِنۡهَا فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ ٦٦Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет ثُمَّ إِنَّ لَهُمۡ عَلَيۡهَا لَشَوۡبًا مِّنۡ حَمِيمٍ ٦٧Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет ثُمَّ إِنَّ مَرۡجِعَهُمۡ لَإِلَى ٱلۡجَحِيمِ ٦٨Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат إِنَّهُمۡ أَلۡفَوۡاْ ءَابَآءَهُمۡ ضَآلِّينَ ٦٩Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллаһтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле فَهُمۡ عَلَىٰٓ ءَاثَٰرِهِمۡ يُهۡرَعُونَ ٧٠Ошолордун изинен чуркап кетишти وَلَقَدۡ ضَلَّ قَبۡلَهُمۡ أَكۡثَرُ ٱلۡأَوَّلِينَ ٧١Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен وَلَقَدۡ أَرۡسَلۡنَا فِيهِم مُّنذِرِينَ ٧٢Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек فَٱنظُرۡ كَيۡفَ كَانَ عَٰقِبَةُ ٱلۡمُنذَرِينَ ٧٣Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ ٧٤Ал эми, Аллаһка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок وَلَقَدۡ نَادَىٰنَا نُوحٌ فَلَنِعۡمَ ٱلۡمُجِيبُونَ ٧٥(Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«О, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз وَنَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥ مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ ٧٦Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын!) чоң балээден куткардык وَجَعَلۡنَا ذُرِّيَّتَهُۥ هُمُ ٱلۡبَاقِينَ ٧٧Жана анын (кемеге чыккан) урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ ٧٨Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык سَلَٰمٌ عَلَىٰ نُوحٍ فِي ٱلۡعَٰلَمِينَ ٧٩Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ٨٠Албетте, Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٨١Чынында, ал Биздин момун пенделерибизден болчу ثُمَّ أَغۡرَقۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ ٨٢Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик ۞ وَإِنَّ مِن شِيعَتِهِۦ لَإِبۡرَٰهِيمَ ٨٣Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (тавхидди кармаган пенделерден) эле إِذۡ جَآءَ رَبَّهُۥ بِقَلۡبٍ سَلِيمٍ ٨٤Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди إِذۡ قَالَ لِأَبِيهِ وَقَوۡمِهِۦ مَاذَا تَعۡبُدُونَ ٨٥(Жана) атасы менен коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар أَئِفۡكًا ءَالِهَةً دُونَ ٱللَّهِ تُرِيدُونَ ٨٦Аллаһтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы فَمَا ظَنُّكُم بِرَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٨٧Ааламдардын Раббиси (Аллаһ) жөнүндө кандай ойлойсуңар?» (Күндөрдүн биринде чоӊ элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал) فَنَظَرَ نَظۡرَةً فِي ٱلنُّجُومِ ٨٨Жылдыздарга бир карап алып فَقَالَ إِنِّي سَقِيمٌ ٨٩«Мен ооруп турам»-деди فَتَوَلَّوۡاْ عَنۡهُ مُدۡبِرِينَ ٩٠Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти فَرَاغَ إِلَىٰٓ ءَالِهَتِهِمۡ فَقَالَ أَلَا تَأۡكُلُونَ ٩١Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?» مَا لَكُمۡ لَا تَنطِقُونَ ٩٢Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» -деди فَرَاغَ عَلَيۡهِمۡ ضَرۡبَۢا بِٱلۡيَمِينِ ٩٣Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду) فَأَقۡبَلُوٓاْ إِلَيۡهِ يَزِفُّونَ ٩٤(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып) قَالَ أَتَعۡبُدُونَ مَا تَنۡحِتُونَ ٩٥Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы وَٱللَّهُ خَلَقَكُمۡ وَمَا تَعۡمَلُونَ ٩٦Силерди да, силердин ишиңерди! да Аллаһ жараткан قَالُواْ ٱبۡنُواْ لَهُۥ بُنۡيَٰنًا فَأَلۡقُوهُ فِي ٱلۡجَحِيمِ ٩٧(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла فَأَرَادُواْ بِهِۦ كَيۡدًا فَجَعَلۡنَٰهُمُ ٱلۡأَسۡفَلِينَ ٩٨Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук وَقَالَ إِنِّي ذَاهِبٌ إِلَىٰ رَبِّي سَيَهۡدِينِ ٩٩(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени Туура Жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды) رَبِّ هَبۡ لِي مِنَ ٱلصَّٰلِحِينَ ١٠٠«О, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!» فَبَشَّرۡنَٰهُ بِغُلَٰمٍ حَلِيمٍ ١٠١Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик فَلَمَّا بَلَغَ مَعَهُ ٱلسَّعۡيَ قَالَ يَٰبُنَيَّ إِنِّيٓ أَرَىٰ فِي ٱلۡمَنَامِ أَنِّيٓ أَذۡبَحُكَ فَٱنظُرۡ مَاذَا تَرَىٰۚ قَالَ يَٰٓأَبَتِ ٱفۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُۖ سَتَجِدُنِيٓ إِن شَآءَ ٱللَّهُ مِنَ ٱلصَّٰبِرِينَ ١٠٢Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «О, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атаке,— деди ал-буюрулганды аткара бериңиз. Аллаһ кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз» فَلَمَّآ أَسۡلَمَا وَتَلَّهُۥ لِلۡجَبِينِ ١٠٣Экөөсү (Аллаһтын амирине) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда وَنَٰدَيۡنَٰهُ أَن يَٰٓإِبۡرَٰهِيمُ ١٠٤«О, Ибрахим! — деп добуш кылдык — قَدۡ صَدَّقۡتَ ٱلرُّءۡيَآۚ إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ١٠٥Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз» إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ ٱلۡبَلَٰٓؤُاْ ٱلۡمُبِينُ ١٠٦Чынында, бул анык сыноо болгон وَفَدَيۡنَٰهُ بِذِبۡحٍ عَظِيمٍ ١٠٧Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ ١٠٨Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِبۡرَٰهِيمَ ١٠٩Ибрахимге (Аллаһтын) салам(ы) болсун كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ١١٠Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ١١١Чынында ал Биздин момун пенделерибизден болгон وَبَشَّرۡنَٰهُ بِإِسۡحَٰقَ نَبِيًّا مِّنَ ٱلصَّٰلِحِينَ ١١٢Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири وَبَٰرَكۡنَا عَلَيۡهِ وَعَلَىٰٓ إِسۡحَٰقَۚ وَمِن ذُرِّيَّتِهِمَا مُحۡسِنٌ وَظَالِمٌ لِّنَفۡسِهِۦ مُبِينٌ ١١٣Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылгаңн(дар) да чыкты وَلَقَدۡ مَنَنَّا عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ ١١٤Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык وَنَجَّيۡنَٰهُمَا وَقَوۡمَهُمَا مِنَ ٱلۡكَرۡبِ ٱلۡعَظِيمِ ١١٥Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык وَنَصَرۡنَٰهُمۡ فَكَانُواْ هُمُ ٱلۡغَٰلِبِينَ ١١٦Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту وَءَاتَيۡنَٰهُمَا ٱلۡكِتَٰبَ ٱلۡمُسۡتَبِينَ ١١٧Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип وَهَدَيۡنَٰهُمَا ٱلصِّرَٰطَ ٱلۡمُسۡتَقِيمَ ١١٨Туура Жолго баштадык وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِمَا فِي ٱلۡأٓخِرِينَ ١١٩Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык سَلَٰمٌ عَلَىٰ مُوسَىٰ وَهَٰرُونَ ١٢٠Муса менен Харунга салам болсун إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ١٢١Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз إِنَّهُمَا مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ١٢٢Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден وَإِنَّ إِلۡيَاسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ١٢٣Иляс! дагы элчи-пайгамбарлардан эле إِذۡ قَالَ لِقَوۡمِهِۦٓ أَلَا تَتَّقُونَ ١٢٤Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллаһтан) коркпойсуңарбы أَتَدۡعُونَ بَعۡلًا وَتَذَرُونَ أَحۡسَنَ ٱلۡخَٰلِقِينَ ١٢٥Эң мыкты Жаратуучуну (Аллаһты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы ٱللَّهَ رَبَّكُمۡ وَرَبَّ ءَابَآئِكُمُ ٱلۡأَوَّلِينَ ١٢٦Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллаһ эле го?!» فَكَذَّبُوهُ فَإِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ ١٢٧Бирок, коому ага моюн сунбады. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ ١٢٨Ал эми, Аллаһтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес) وَتَرَكۡنَا عَلَيۡهِ فِي ٱلۡأٓخِرِينَ ١٢٩Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу) калтырдык سَلَٰمٌ عَلَىٰٓ إِلۡ يَاسِينَ ١٣٠Иляска (Аллаһтан) салам болсун إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ١٣١Чынында, Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз إِنَّهُۥ مِنۡ عِبَادِنَا ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ١٣٢Ал Биздин момун пенделерибиздин бири وَإِنَّ لُوطًا لَّمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ١٣٣Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле إِذۡ نَجَّيۡنَٰهُ وَأَهۡلَهُۥٓ أَجۡمَعِينَ ١٣٤Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш - балээсинен) куткарганбыз إِلَّا عَجُوزًا فِي ٱلۡغَٰبِرِينَ ١٣٥Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон) ثُمَّ دَمَّرۡنَا ٱلۡأٓخَرِينَ ١٣٦Анан Биз башкаларды кыйраттык وَإِنَّكُمۡ لَتَمُرُّونَ عَلَيۡهِم مُّصۡبِحِينَ ١٣٧(Эй, Макка мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөрго, эрте менен وَبِٱلَّيۡلِۚ أَفَلَا تَعۡقِلُونَ ١٣٨жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби وَإِنَّ يُونُسَ لَمِنَ ٱلۡمُرۡسَلِينَ ١٣٩Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири إِذۡ أَبَقَ إِلَى ٱلۡفُلۡكِ ٱلۡمَشۡحُونِ ١٤٠Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду فَسَاهَمَ فَكَانَ مِنَ ٱلۡمُدۡحَضِينَ ١٤١Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды فَٱلۡتَقَمَهُ ٱلۡحُوتُ وَهُوَ مُلِيمٌ ١٤٢Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди فَلَوۡلَآ أَنَّهُۥ كَانَ مِنَ ٱلۡمُسَبِّحِينَ ١٤٣Эгер ал Аллахты аруулаган пенделерден болбогондо لَلَبِثَ فِي بَطۡنِهِۦٓ إِلَىٰ يَوۡمِ يُبۡعَثُونَ ١٤٤Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек ۞ فَنَبَذۡنَٰهُ بِٱلۡعَرَآءِ وَهُوَ سَقِيمٌ ١٤٥Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле وَأَنۢبَتۡنَا عَلَيۡهِ شَجَرَةً مِّن يَقۡطِينٍ ١٤٦Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук وَأَرۡسَلۡنَٰهُ إِلَىٰ مِاْئَةِ أَلۡفٍ أَوۡ يَزِيدُونَ ١٤٧Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек فَـَٔامَنُواْ فَمَتَّعۡنَٰهُمۡ إِلَىٰ حِينٍ ١٤٨Анан алар (тооба кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык فَٱسۡتَفۡتِهِمۡ أَلِرَبِّكَ ٱلۡبَنَاتُ وَلَهُمُ ٱلۡبَنُونَ ١٤٩(О, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү أَمۡ خَلَقۡنَا ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ إِنَٰثًا وَهُمۡ شَٰهِدُونَ ١٥٠Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү أَلَآ إِنَّهُم مِّنۡ إِفۡكِهِمۡ لَيَقُولُونَ ١٥١Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет وَلَدَ ٱللَّهُ وَإِنَّهُمۡ لَكَٰذِبُونَ ١٥٢«Аллаһтын баласы бар». Алар — жеткен жалганчылар أَصۡطَفَى ٱلۡبَنَاتِ عَلَى ٱلۡبَنِينَ ١٥٣(Аллаһ) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы مَا لَكُمۡ كَيۡفَ تَحۡكُمُونَ ١٥٤Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар أَفَلَا تَذَكَّرُونَ ١٥٥(Аллаһтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби أَمۡ لَكُمۡ سُلۡطَٰنٌ مُّبِينٌ ١٥٦Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Кураандан башка ыйык китеп түштүбү) فَأۡتُواْ بِكِتَٰبِكُمۡ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ١٥٧(Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор وَجَعَلُواْ بَيۡنَهُۥ وَبَيۡنَ ٱلۡجِنَّةِ نَسَبًاۚ وَلَقَدۡ عَلِمَتِ ٱلۡجِنَّةُ إِنَّهُمۡ لَمُحۡضَرُونَ ١٥٨Алар Аллаһ менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет سُبۡحَٰنَ ٱللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ ١٥٩Аллаһ алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза إِلَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ ١٦٠Ал эми, Аллаһтын жакшы амал кылган пенделери (Аллаһты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт) فَإِنَّكُمۡ وَمَا تَعۡبُدُونَ ١٦١(О, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы مَآ أَنتُمۡ عَلَيۡهِ بِفَٰتِنِينَ ١٦٢эч кимди адаштыра албайсыңар إِلَّا مَنۡ هُوَ صَالِ ٱلۡجَحِيمِ ١٦٣(Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар) وَمَا مِنَّآ إِلَّا لَهُۥ مَقَامٌ مَّعۡلُومٌ ١٦٤(Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلصَّآفُّونَ ١٦٥Жана биз (Аллаһтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз وَإِنَّا لَنَحۡنُ ٱلۡمُسَبِّحُونَ ١٦٦Жана биз, чынында (Аллаһка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалган-чылыгы ашкереленет) وَإِن كَانُواْ لَيَقُولُونَ ١٦٧Алар айтышат لَوۡ أَنَّ عِندَنَا ذِكۡرًا مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ ١٦٨«Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо لَكُنَّا عِبَادَ ٱللَّهِ ٱلۡمُخۡلَصِينَ ١٦٩Биз деле мухлис (Аллаһтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз» فَكَفَرُواْ بِهِۦۖ فَسَوۡفَ يَعۡلَمُونَ ١٧٠Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат وَلَقَدۡ سَبَقَتۡ كَلِمَتُنَا لِعِبَادِنَا ٱلۡمُرۡسَلِينَ ١٧١Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган إِنَّهُمۡ لَهُمُ ٱلۡمَنصُورُونَ ١٧٢«Чынында алар гана жардам берилген адамдар وَإِنَّ جُندَنَا لَهُمُ ٱلۡغَٰلِبُونَ ١٧٣Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!» فَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٍ ١٧٤Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур وَأَبۡصِرۡهُمۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ ١٧٥Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат أَفَبِعَذَابِنَا يَسۡتَعۡجِلُونَ ١٧٦Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы فَإِذَا نَزَلَ بِسَاحَتِهِمۡ فَسَآءَ صَبَاحُ ٱلۡمُنذَرِينَ ١٧٧Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңдары жаман (караңгы) болуп калат وَتَوَلَّ عَنۡهُمۡ حَتَّىٰ حِينٍ ١٧٨Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур وَأَبۡصِرۡ فَسَوۡفَ يُبۡصِرُونَ ١٧٩Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат سُبۡحَٰنَ رَبِّكَ رَبِّ ٱلۡعِزَّةِ عَمَّا يَصِفُونَ ١٨٠Кудуреттүүлүк Ээси — Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза وَسَلَٰمٌ عَلَى ٱلۡمُرۡسَلِينَ ١٨١Пайгамбарларга салам болсун وَٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ١٨٢Ааламдардын Раббиси Аллаһка мактоолор болсун

Translation: Shams Al Din Hakimov.