Millat al-Islam

Chapter 102 · 8 verses · Shams Al Din Hakimov

Surah At-Takathur in Kirghiz

Arabic with tafsir Listen to Surah At-Takathur (1265 reciters)

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

أَلۡهَىٰكُمُ ٱلتَّكَاثُرُ ١(Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койду حَتَّىٰ زُرۡتُمُ ٱلۡمَقَابِرَ ٢Тээ мүрзөгө келгениңерге чейин كـَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ ٣Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңар ثُمَّ كـَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ ٤Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сурак учурунда) билип аласыңар كـَلَّا لَوۡ تَعۡلَمُونَ عِلۡمَ ٱلۡيَقِينِ ٥Жок-жок, эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер) لَتَرَوُنَّ ٱلۡجَحِيمَ ٦(Эми) тозокту көрүшүңөр анык ثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيۡنَ ٱلۡيَقِينِ ٧Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөр ثُمَّ لَتُسۡـَٔلُنَّ يَوۡمَئِذٍ عَنِ ٱلنَّعِيمِ ٨Андан соң, ошол күнү (Аллаһ тарабынан аманатка берилген) нээматтар (өмүр, мал-дүйнө, бала-чака) жөнүндө албетте сураласыңар

Translation: Shams Al Din Hakimov.