ملة الإسلام

السورة 69 · 52 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الحاقة باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الحاقة (1,346 قارئاً)
مكيةسورة الحاقة٥٢ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

ٱلۡحَآقَّةُ ١Ал-— Хаакка مَا ٱلۡحَآقَّةُ ٢«Ал=— Хаакка» дегени эмне وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحَآقَّةُ ٣(О, Мухаммад!) «Ал — Хаакка» эмне экенин сен кайдан билмек элең?” كَذَّبَتۡ ثَمُودُ وَعَادُۢ بِٱلۡقَارِعَةِ ٤«Самуд» менен «Аад» (коому) Кыяматты жалганга чыгарышкан эле فَأَمَّا ثَمُودُ فَأُهۡلِكُواْ بِٱلطَّاغِيَةِ ٥Анан... Самуд (эли жүрөк жарган) ач айкырык менен кыйратылды وَأَمَّا عَادٌ فَأُهۡلِكُواْ بِرِيحٍ صَرۡصَرٍ عَاتِيَةٍ ٦Ал эми, Аад болсо, кутурган бороон шамал менен өлтүрүлдү سَخَّرَهَا عَلَيۡهِمۡ سَبۡعَ لَيَالٍ وَثَمَٰنِيَةَ أَيَّامٍ حُسُومًاۖ فَتَرَى ٱلۡقَوۡمَ فِيهَا صَرۡعَىٰ كَأَنَّهُمۡ أَعۡجَازُ نَخۡلٍ خَاوِيَةٍ ٧(Аллаһ) ал шамалды алардын үстүнө жети түн, сегиз күн токтоосуз «кызмат кылдырып» койду. Анан сен (оо, көрүүчү) ал жердеги адамдарды оонап, айкалышып жаткан курма дарагынын денелери сыяктуу кароосуз өлүп жаткандарын көрөсүң فَهَلۡ تَرَىٰ لَهُم مِّنۢ بَاقِيَةٍ ٨Эми, карачы (алардан бирөө-жарымынын) өлбөй калганын көрөөр бекенсиң وَجَآءَ فِرۡعَوۡنُ وَمَن قَبۡلَهُۥ وَٱلۡمُؤۡتَفِكَٰتُ بِٱلۡخَاطِئَةِ ٩Анан Фираун, андан мурунку (каапыр) адамдар жана көңтөрүлгөн шаар (элдери — Лут коому) каапырчылык (иштерди) жасашып فَعَصَوۡاْ رَسُولَ رَبِّهِمۡ فَأَخَذَهُمۡ أَخۡذَةً رَّابِيَةً ١٠Раббисинин пайгамбарына каршы чыгышты эле, (Рабби) аларды өтө катуу азап менен кыйратты إِنَّا لَمَّا طَغَا ٱلۡمَآءُ حَمَلۡنَٰكُمۡ فِي ٱلۡجَارِيَةِ ١١(Нух доорундагы топон) суу ташкан убакытта, Биз (каапырларды кыйратып) силерди кемеде көтөрүп койгон элек لِنَجۡعَلَهَا لَكُمۡ تَذۡكِرَةً وَتَعِيَهَآ أُذُنٌ وَٰعِيَةٌ ١٢Аны (кемени) силерге үлгү-сабак кылуу үчүн жана акылдуу адамдар (сабак катары) билип жүрүү үчүн فَإِذَا نُفِخَ فِي ٱلصُّورِ نَفۡخَةٌ وَٰحِدَةٌ ١٣Эми, качан «Сур» (деп аталган чоор) бир ирет тартылганда وَحُمِلَتِ ٱلۡأَرۡضُ وَٱلۡجِبَالُ فَدُكَّتَا دَكَّةً وَٰحِدَةً ١٤жер менен тоолор көтөрүлүп, бир ирет кагыштырылып (тоолор упадай урап, жер менен тегиз болуп калганда) فَيَوۡمَئِذٍ وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ ١٥Дал ошол күндө Ваакеьа (Кыямат) болот وَٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَهِيَ يَوۡمَئِذٍ وَاهِيَةٌ ١٦Жана ал күндө үлпүлдөк (алсыз) болуп калган асман жарылганда وَٱلۡمَلَكُ عَلَىٰٓ أَرۡجَآئِهَاۚ وَيَحۡمِلُ عَرۡشَ رَبِّكَ فَوۡقَهُمۡ يَوۡمَئِذٍ ثَمَٰنِيَةٌ ١٧жана асмандын ар тарабында периштелер (Аллаһтын кызматына даяр туруп), алардын үстүндө сегиз (күч-кубаттуу периште) Раббиңдин Аршын көтөргөндө يَوۡمَئِذٍ تُعۡرَضُونَ لَا تَخۡفَىٰ مِنكُمۡ خَافِيَةٌ ١٨дал ошол күндө силер (Раббиңерге) жолуктуруласыңар. Силердин эч бир сыр(ыңар) жашыруун калбайт.” فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ فَيَقُولُ هَآؤُمُ ٱقۡرَءُواْ كِتَٰبِيَهۡ ١٩Кимге китеби оң тарабынан берилсе, ал (сүйүнгөн бойдон мындай) дейт: «Эй! Мына, менин китебимди окуп көргүлө إِنِّي ظَنَنتُ أَنِّي مُلَٰقٍ حِسَابِيَهۡ ٢٠Мен бул эсеп-китебиме жолугууга анык ишенген болчумун!» فَهُوَ فِي عِيشَةٍ رَّاضِيَةٍ ٢١Анан ал өзү ыраазы болгон жашоодо — فِي جَنَّةٍ عَالِيَةٍ ٢٢— эң жогорку Бейиште болот قُطُوفُهَا دَانِيَةٌ ٢٣Анын мөмөлөрү (отурган жерден кол сунсаң эле жеткидей аралыкта) ийилип турут كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَآ أَسۡلَفۡتُمۡ فِي ٱلۡأَيَّامِ ٱلۡخَالِيَةِ ٢٤(Анан аларга айтылат) «Өткөн (дүйнө жашоосунда) жасаган (сооптуу) ишиңер себептүү жегиле, ичкиле — аш болсун!» وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِشِمَالِهِۦ فَيَقُولُ يَٰلَيۡتَنِي لَمۡ أُوتَ كِتَٰبِيَهۡ ٢٥Ал эми, (амал) китеби сол тарабынан берилген (бактысыз адамдар кайгырып мындай) وَلَمۡ أَدۡرِ مَا حِسَابِيَهۡ ٢٦жана эсебим кандай экенин билбей эле калсам экен يَٰلَيۡتَهَا كَانَتِ ٱلۡقَاضِيَةَ ٢٧Кана эми, ал (менин өлүмүм) чечүүчү болсо! (кайра тирилүү деген болбосо) مَآ أَغۡنَىٰ عَنِّي مَالِيَهۡۜ ٢٨Мал-дүйнөм мага пайда бербей калды هَلَكَ عَنِّي سُلۡطَٰنِيَهۡ ٢٩Менин күч-кубатым (салтанат-бийлигим) жок болуп кетти!» خُذُوهُ فَغُلُّوهُ ٣٠(О, периштелер!) Аны кармап, кишендегиле ثُمَّ ٱلۡجَحِيمَ صَلُّوهُ ٣١Кийин тозокко таштагыла ثُمَّ فِي سِلۡسِلَةٍ ذَرۡعُهَا سَبۡعُونَ ذِرَاعًا فَٱسۡلُكُوهُ ٣٢Андан соң узундугу жетимиш чыканак келген чынжырга өткөргүлө!» إِنَّهُۥ كَانَ لَا يُؤۡمِنُ بِٱللَّهِ ٱلۡعَظِيمِ ٣٣(Себеби), Ал Улук Аллаһка ыйман келтирбеди وَلَا يَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِينِ ٣٤жана бей-бечараларды тамактандырууга (эч кимди) кызыктырбады فَلَيۡسَ لَهُ ٱلۡيَوۡمَ هَٰهُنَا حَمِيمٌ ٣٥Ал (азаптуу) күндө ал жерде ага (эч бир) дос-жардамчы болбойт وَلَا طَعَامٌ إِلَّا مِنۡ غِسۡلِينٍ ٣٦Тамак-аш да болбойт. Бир гана «гислийн» (деген «тамак»)? болот لَّا يَأۡكُلُهُۥٓ إِلَّا ٱلۡخَٰطِـُٔونَ ٣٧Аны күнөөлүү адамдар гана жейт فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَا تُبۡصِرُونَ ٣٨Мен силер көргөн нерселер менен ант ичип وَمَا لَا تُبۡصِرُونَ ٣٩Жана көрө албаган (бардык) нерселер менен ант ичип (айтамын) إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ ٤٠«Ал (Кураан) Улук пайгамбардын (Аллаһ үйрөткөн) Сөзү وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَاعِرٍۚ قَلِيلًا مَّا تُؤۡمِنُونَ ٤١Ал акындын сөзү эмес! Өтө аз ыйман келтирип жатасыңар وَلَا بِقَوۡلِ كَاهِنٍۚ قَلِيلًا مَّا تَذَكَّرُونَ ٤٢Ал көзү ачыктын да сөзү эмес!! (Аллаһты) өтө аз эскерип жатасыңар تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٤٣Ал ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн وَلَوۡ تَقَوَّلَ عَلَيۡنَا بَعۡضَ ٱلۡأَقَاوِيلِ ٤٤Эгер ал (Мухаммад) (Кураандагы) кээ бир сөздөрдү (ойлоп чыгарган жана «ушул — Аллаһтын сөзү» деп, аны) Бизге оодарган болсо لَأَخَذۡنَا مِنۡهُ بِٱلۡيَمِينِ ٤٥Биз аны күч менен кармап, өч алмакпыз ثُمَّ لَقَطَعۡنَا مِنۡهُ ٱلۡوَتِينَ ٤٦Кийин жүрөк тамырын үзүп жибермекпиз فَمَا مِنكُم مِّنۡ أَحَدٍ عَنۡهُ حَٰجِزِينَ ٤٧Анан силердин араңардан эч ким аны (Бизден) куткарып кала алмак эмес وَإِنَّهُۥ لَتَذۡكِرَةٌ لِّلۡمُتَّقِينَ ٤٨Ал (Кураан) такыбаа кишилер үчүн эскерме-сабак وَإِنَّا لَنَعۡلَمُ أَنَّ مِنكُم مُّكَذِّبِينَ ٤٩Силердин араңарда (Кураанды) «жалган» дегендер бар экенин Биз эң жакшы билебиз وَإِنَّهُۥ لَحَسۡرَةٌ عَلَى ٱلۡكَٰفِرِينَ ٥٠Ал каапырларга кайгы!” وَإِنَّهُۥ لَحَقُّ ٱلۡيَقِينِ ٥١Чындыгында, бул анык чындык فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ ٥٢Ошентип, Эң Улуу Раббиңдин ысымын даңазалагыла

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.