وَيۡلٌ لِّكُلِّ هُمَزَةٍ لُّمَزَةٍ ١Адамдарды кылыгы жана тили менен шылдыңдаган бардык шылдыңчыга азап-тозок болсунٱلَّذِي جَمَعَ مَالًا وَعَدَّدَهُۥ ٢Ал мал-мүлктү (адал-арамына карабай) чогултту жана эсептедиيَحۡسَبُ أَنَّ مَالَهُۥٓ أَخۡلَدَهُۥ ٣Дүйнө-мүлкү аны түбөлүк жашатат деп ойлойтكـَلَّاۖ لَيُنۢبَذَنَّ فِي ٱلۡحُطَمَةِ ٤Жок! Алар (Кыяматта) сөзсүз «Хутамага» ташталатوَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلۡحُطَمَةُ ٥(О, Мухаммад!) Сен «Хутама» эмне экенин билбейсиңنَارُ ٱللَّهِ ٱلۡمُوقَدَةُ ٦(Ал) Аллаһтын алоолонгон тозогуٱلَّتِي تَطَّلِعُ عَلَى ٱلۡأَفۡـِٔدَةِ ٧(Денеден тешип өтүп) жүрөктөргө чейин жете турганإِنَّهَا عَلَيۡهِم مُّؤۡصَدَةٌ ٨Чынында, (тозок) алардын үстүнөн жаап коюлганفِي عَمَدٍ مُّمَدَّدَةِۭ٩(Эшиктери) узун чынжырлар менен (бекемделген)