ملة الإسلام

السورة 84 · 25 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الانشقاق باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الانشقاق (1,276 قارئاً)
مكيةسورة الانشقاق٢٥ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا ٱلسَّمَآءُ ٱنشَقَّتۡ ١Күтүүсүздөн асман жарылды وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ ٢Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу وَإِذَا ٱلۡأَرۡضُ مُدَّتۡ ٣Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп وَأَلۡقَتۡ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتۡ ٤ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды وَأَذِنَتۡ لِرَبِّهَا وَحُقَّتۡ ٥Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу يَٰٓأَيُّهَا ٱلۡإِنسَٰنُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدۡحًا فَمُلَٰقِيهِ ٦О,инсан! Сен Раббиңе (жолугуу үчүн сооптуу же күнөөлүү иштер менен) түйшөлүп, акырында Ага жолуктуң فَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ بِيَمِينِهِۦ ٧Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе فَسَوۡفَ يُحَاسَبُ حِسَابًا يَسِيرًا ٨Өтө жеңил суралат وَيَنقَلِبُ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورًا ٩Жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет وَأَمَّا مَنۡ أُوتِيَ كِتَٰبَهُۥ وَرَآءَ ظَهۡرِهِۦ ١٠Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе فَسَوۡفَ يَدۡعُواْ ثُبُورًا ١١(Өзүнө) өлүм чакырат وَيَصۡلَىٰ سَعِيرًا ١٢Жана тозокко ташталат إِنَّهُۥ كَانَ فِيٓ أَهۡلِهِۦ مَسۡرُورًا ١٣Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн арасында шат-курсант болчу إِنَّهُۥ ظَنَّ أَن لَّن يَحُورَ ١٤Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү بَلَىٰٓۚ إِنَّ رَبَّهُۥ كَانَ بِهِۦ بَصِيرًا ١٥Жок! Андай эмес! (Ал раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلشَّفَقِ ١٦Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип وَٱلَّيۡلِ وَمَا وَسَقَ ١٧Түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип وَٱلۡقَمَرِ إِذَا ٱتَّسَقَ ١٨Жана толгон кездеги (толун) айга ант ичип (айтамын) لَتَرۡكَبُنَّ طَبَقًا عَن طَبَقٍ ١٩(О, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер فَمَا لَهُمۡ لَا يُؤۡمِنُونَ ٢٠Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат وَإِذَا قُرِئَ عَلَيۡهِمُ ٱلۡقُرۡءَانُ لَا يَسۡجُدُونَۤ ۩ ٢١Жана эгер аларга Кураан окуп берилчү болсо, (моюн суну менен) сажда кылышпайт بَلِ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ يُكَذِّبُونَ ٢٢Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет وَٱللَّهُ أَعۡلَمُ بِمَا يُوعُونَ ٢٣Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллаһ эң жакшы билет فَبَشِّرۡهُم بِعَذَابٍ أَلِيمٍ ٢٤(О, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер إِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونِۭ ٢٥А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.