ملة الإسلام

السورة 77 · 50 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة المرسلات باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة المرسلات (1,226 قارئاً)
مكيةسورة المرسلات٥٠ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلۡمُرۡسَلَٰتِ عُرۡفًا ١Античемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен فَٱلۡعَٰصِفَٰتِ عَصۡفًا ٢Өтө катуу жүргөн шамалдар менен وَٱلنَّٰشِرَٰتِ نَشۡرًا ٣(Булуттарды Аллаһ каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен فَٱلۡفَٰرِقَٰتِ فَرۡقًا ٤(Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Кураан аяттары) менен فَٱلۡمُلۡقِيَٰتِ ذِكۡرًا ٥(Пайгамбарларга Аллаһ тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен عُذۡرًا أَوۡ نُذۡرًا ٦(Ошол периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَٰقِعٌ ٧(О,адамдар!) силерге убада кылынган Күн? албетте болуучу فَإِذَا ٱلنُّجُومُ طُمِسَتۡ ٨Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ فُرِجَتۡ ٩Асман (аңырайып) ачылып وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ نُسِفَتۡ ١٠Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда وَإِذَا ٱلرُّسُلُ أُقِّتَتۡ ١١Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде, (мына ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт) لِأَيِّ يَوۡمٍ أُجِّلَتۡ ١٢(Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле لِيَوۡمِ ٱلۡفَصۡلِ ١٣Ажыратуу күнүнө وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِ ١٤(О, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ١٥Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап أَلَمۡ نُهۡلِكِ ٱلۡأَوَّلِينَ ١٦Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле ثُمَّ نُتۡبِعُهُمُ ٱلۡأٓخِرِينَ ١٧Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук كَذَٰلِكَ نَفۡعَلُ بِٱلۡمُجۡرِمِينَ ١٨Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ١٩Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап أَلَمۡ نَخۡلُقكُّم مِّن مَّآءٍ مَّهِينٍ ٢٠(О, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди жийиркеничтүү (бир тамчы бел) суудан жаратпадык беле فَجَعَلۡنَٰهُ فِي قَرَارٍ مَّكِينٍ ٢١Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштордук إِلَىٰ قَدَرٍ مَّعۡلُومٍ ٢٢Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин فَقَدَرۡنَا فَنِعۡمَ ٱلۡقَٰدِرُونَ ٢٣Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٢٤Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм أَلَمۡ نَجۡعَلِ ٱلۡأَرۡضَ كِفَاتًا ٢٥Биз жерди кучактоочу кылбадык беле أَحۡيَآءً وَأَمۡوَٰتًا ٢٦Өлүктөр менен тирүүлөрдү وَجَعَلۡنَا فِيهَا رَوَٰسِيَ شَٰمِخَٰتٍ وَأَسۡقَيۡنَٰكُم مَّآءً فُرَاتًا ٢٧Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٢٨Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ مَا كُنتُم بِهِۦ تُكَذِّبُونَ ٢٩(Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген Тозокко жөнөгүлө ٱنطَلِقُوٓاْ إِلَىٰ ظِلٍّ ذِي ثَلَٰثِ شُعَبٍ ٣٠Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»! жөнөгүлө!» لَّا ظَلِيلٍ وَلَا يُغۡنِي مِنَ ٱللَّهَبِ ٣١(Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт إِنَّهَا تَرۡمِي بِشَرَرٍ كَٱلۡقَصۡرِ ٣٢Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат كَأَنَّهُۥ جِمَٰلَتٌ صُفۡرٌ ٣٣Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٣٤Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы هَٰذَا يَوۡمُ لَا يَنطِقُونَ ٣٥Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт وَلَا يُؤۡذَنُ لَهُمۡ فَيَعۡتَذِرُونَ ٣٦Алар үчүн актанууга да уруксат жок وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٣٧Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы هَٰذَا يَوۡمُ ٱلۡفَصۡلِۖ جَمَعۡنَٰكُمۡ وَٱلۡأَوَّلِينَ ٣٨Бул — ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук فَإِن كَانَ لَكُمۡ كَيۡدٌ فَكِيدُونِ ٣٩Эгер (о, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٤٠Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы إِنَّ ٱلۡمُتَّقِينَ فِي ظِلَٰلٍ وَعُيُونٍ ٤١Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда وَفَوَٰكِهَ مِمَّا يَشۡتَهُونَ ٤٢Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде كُلُواْ وَٱشۡرَبُواْ هَنِيٓـَٔۢا بِمَا كُنتُمۡ تَعۡمَلُونَ ٤٣(Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!» إِنَّا كَذَٰلِكَ نَجۡزِي ٱلۡمُحۡسِنِينَ ٤٤Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٤٥Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо كُلُواْ وَتَمَتَّعُواْ قَلِيلًا إِنَّكُم مُّجۡرِمُونَ ٤٦(О, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٤٧Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы وَإِذَا قِيلَ لَهُمُ ٱرۡكَعُواْ لَا يَرۡكَعُونَ ٤٨Эгер аларга (Аллаһка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт وَيۡلٌ يَوۡمَئِذٍ لِّلۡمُكَذِّبِينَ ٤٩Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы فَبِأَيِّ حَدِيثِۭ بَعۡدَهُۥ يُؤۡمِنُونَ ٥٠Андан (Кураандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.