ملة الإسلام

السورة 75 · 40 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة القيامة باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة القيامة (1,389 قارئاً)
مكيةسورة القيامة٤٠ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

لَآ أُقۡسِمُ بِيَوۡمِ ٱلۡقِيَٰمَةِ ١Мен Кыямат күнүнө ант ичип وَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلنَّفۡسِ ٱللَّوَّامَةِ ٢Жоемелөөчү напси? менен ант ичип, (айтамын) أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَلَّن نَّجۡمَعَ عِظَامَهُۥ ٣“Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!” بَلَىٰ قَٰدِرِينَ عَلَىٰٓ أَن نُّسَوِّيَ بَنَانَهُۥ ٤Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз بَلۡ يُرِيدُ ٱلۡإِنسَٰنُ لِيَفۡجُرَ أَمَامَهُۥ ٥Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр يَسۡـَٔلُ أَيَّانَ يَوۡمُ ٱلۡقِيَٰمَةِ ٦(Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар فَإِذَا بَرِقَ ٱلۡبَصَرُ ٧Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат وَخَسَفَ ٱلۡقَمَرُ ٨Айдын нуру өчөт وَجُمِعَ ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ ٩жана Күн менен Ай бириктирилет يَقُولُ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذٍ أَيۡنَ ٱلۡمَفَرُّ ١٠Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат كـَلَّا لَا وَزَرَ ١١Жок! Качып бара турган орун жок إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمُسۡتَقَرُّ ١٢Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар يُنَبَّؤُاْ ٱلۡإِنسَٰنُ يَوۡمَئِذِۭ بِمَا قَدَّمَ وَأَخَّرَ ١٣Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы —жаман) иштери жөнүндө кабар берилет بَلِ ٱلۡإِنسَٰنُ عَلَىٰ نَفۡسِهِۦ بَصِيرَةٌ ١٤Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт وَلَوۡ أَلۡقَىٰ مَعَاذِيرَهُۥ ١٥Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт) لَا تُحَرِّكۡ بِهِۦ لِسَانَكَ لِتَعۡجَلَ بِهِۦٓ ١٦(О, Мухаммад, сага Жебрейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе إِنَّ عَلَيۡنَا جَمۡعَهُۥ وَقُرۡءَانَهُۥ ١٧Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет فَإِذَا قَرَأۡنَٰهُ فَٱتَّبِعۡ قُرۡءَانَهُۥ ١٨Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебрейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин ثُمَّ إِنَّ عَلَيۡنَا بَيَانَهُۥ ١٩Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет كـَلَّا بَلۡ تُحِبُّونَ ٱلۡعَاجِلَةَ ٢٠Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр وَتَذَرُونَ ٱلۡأٓخِرَةَ ٢١жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар وُجُوهٌ يَوۡمَئِذٍ نَّاضِرَةٌ ٢٢Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып إِلَىٰ رَبِّهَا نَاظِرَةٌ ٢٣Раббисине (үмүт менен) карап турат وَوُجُوهٌ يَوۡمَئِذِۭ بَاسِرَةٌ ٢٤Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып تَظُنُّ أَن يُفۡعَلَ بِهَا فَاقِرَةٌ ٢٥өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат كـَلَّآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلتَّرَاقِيَ ٢٦Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда وَقِيلَ مَنۡۜ رَاقٍ ٢٧«Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда وَظَنَّ أَنَّهُ ٱلۡفِرَاقُ ٢٨(Күнөөкөр пенде «дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда وَٱلۡتَفَّتِ ٱلسَّاقُ بِٱلسَّاقِ ٢٩Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда إِلَىٰ رَبِّكَ يَوۡمَئِذٍ ٱلۡمَسَاقُ ٣٠Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор فَلَا صَدَّقَ وَلَا صَلَّىٰ ٣١Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады وَلَٰكِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ ٣٢Бирок, «жалган» деп далысын салып койду ثُمَّ ذَهَبَ إِلَىٰٓ أَهۡلِهِۦ يَتَمَطَّىٰٓ ٣٣Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰ ٣٤Өлүм болсун сага өлүм ثُمَّ أَوۡلَىٰ لَكَ فَأَوۡلَىٰٓ ٣٥Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм أَيَحۡسَبُ ٱلۡإِنسَٰنُ أَن يُتۡرَكَ سُدًى ٣٦(Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу أَلَمۡ يَكُ نُطۡفَةً مِّن مَّنِيٍّ يُمۡنَىٰ ٣٧Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле ثُمَّ كَانَ عَلَقَةً فَخَلَقَ فَسَوَّىٰ ٣٨Анан коюу кан болду. Анан (Аллаһ) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди) فَجَعَلَ مِنۡهُ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ ٣٩Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты أَلَيۡسَ ذَٰلِكَ بِقَٰدِرٍ عَلَىٰٓ أَن يُحۡـِۧيَ ٱلۡمَوۡتَىٰ ٤٠Эми, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.