ملة الإسلام

السورة 53 · 62 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة النجم باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة النجم (1,299 قارئاً)
مكيةسورة النجم٦٢ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلنَّجۡمِ إِذَا هَوَىٰ ١Батып бара жаткан жылдызга ант مَا ضَلَّ صَاحِبُكُمۡ وَمَا غَوَىٰ ٢(Эй, Курайш мушриктери!) Силердин жаныңардагы (Мухаммад) адашкан да эмес, азгырылган да эмес وَمَا يَنطِقُ عَنِ ٱلۡهَوَىٰٓ ٣Жана ал өзүнүн ой-каалоосунан чыгарып сүйлөбөйт إِنۡ هُوَ إِلَّا وَحۡيٌ يُوحَىٰ ٤Ал сүйлөгөн сөздөр (Аллаһтан келген) вахий кабарынан башка эмес عَلَّمَهُۥ شَدِيدُ ٱلۡقُوَىٰ ٥Ага (ал кабарды) өтө күч-кубаттуу (Жебирейил периште) үйрөткөн ذُو مِرَّةٍ فَٱسۡتَوَىٰ ٦Көрктүү, кудуреттүү (Жебирейил периште) көтөрүлдү وَهُوَ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡأَعۡلَىٰ ٧жана жогорку асман мейкиндигинде (асыл кыяпаты менен көрүндү) ثُمَّ دَنَا فَتَدَلَّىٰ ٨Кийин ага (пайгамбарга) өтө жакын келди فَكَانَ قَابَ قَوۡسَيۡنِ أَوۡ أَدۡنَىٰ ٩Эки жаа бою же андан да жакыныраак فَأَوۡحَىٰٓ إِلَىٰ عَبۡدِهِۦ مَآ أَوۡحَىٰ ١٠Анан (Аллаһ анын ортомчулугу менен) Өз пендесине вахий кылды مَا كَذَبَ ٱلۡفُؤَادُ مَا رَأَىٰٓ ١١(Көз) көргөндү көкүрөк тастыктады أَفَتُمَٰرُونَهُۥ عَلَىٰ مَا يَرَىٰ ١٢(Эй, мушриктер!) Силер Мухаммад менен, өзү көргөн нерсе жөнүндө талашасыңарбы وَلَقَدۡ رَءَاهُ نَزۡلَةً أُخۡرَىٰ ١٣(Мухаммад) аны (Жебирейилди) экинчи ирет дагы көрдү عِندَ سِدۡرَةِ ٱلۡمُنتَهَىٰ ١٤«Сидратул мунтахаанын»? алдында عِندَهَا جَنَّةُ ٱلۡمَأۡوَىٰٓ ١٥«Маьваа» бейиши ошол дарактын алдында إِذۡ يَغۡشَى ٱلسِّدۡرَةَ مَا يَغۡشَىٰ ١٦Капысынан (Аллаһтын буйругу менен) «Сидрат» дарагын бир улук нерсе ороп калды مَا زَاغَ ٱلۡبَصَرُ وَمَا طَغَىٰ ١٧(Мухаммаддын) көз(ү) четке бурулбады жана (буюрулган нерсени көрүүдөн) четтебеди لَقَدۡ رَأَىٰ مِنۡ ءَايَٰتِ رَبِّهِ ٱلۡكُبۡرَىٰٓ ١٨Ал (Мээраж түнүндө) Раббисинин (Кудуретинин) чоң белгилерин анык көрдү أَفَرَءَيۡتُمُ ٱللَّٰتَ وَٱلۡعُزَّىٰ ١٩«Лат» менен «Уззага» карабайсыңарбы وَمَنَوٰةَ ٱلثَّالِثَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰٓ ٢٠«Манатка» дагы, алардын 1 үчүнчүсү أَلَكُمُ ٱلذَّكَرُ وَلَهُ ٱلۡأُنثَىٰ ٢١Өзүңөргө уул, Ага кыз перзентпи تِلۡكَ إِذًا قِسۡمَةٌ ضِيزَىٰٓ ٢٢Анда бул бөлүштүрүү абдан чоң ката إِنۡ هِيَ إِلَّآ أَسۡمَآءٌ سَمَّيۡتُمُوهَآ أَنتُمۡ وَءَابَآؤُكُم مَّآ أَنزَلَ ٱللَّهُ بِهَا مِن سُلۡطَٰنٍۚ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّ وَمَا تَهۡوَى ٱلۡأَنفُسُۖ وَلَقَدۡ جَآءَهُم مِّن رَّبِّهِمُ ٱلۡهُدَىٰٓ ٢٣Алар өзүңөр жана ата-бабаңар (оюнан чыгарып) атап алган ысымдардан башка эмес. Аллаһ аларга далил түшүрбөгөн. Алар күмөндү жана напси каалаган нерселерди гана ээрчип жатышат. Аларга Раббиси тарабынан Туура Жол келген болчу أَمۡ لِلۡإِنسَٰنِ مَا تَمَنَّىٰ ٢٤Же инсан каалаганын жасай береби فَلِلَّهِ ٱلۡأٓخِرَةُ وَٱلۡأُولَىٰ ٢٥Акырет дагы Дүйнө дагы Аллаһга таандык ۞ وَكَم مِّن مَّلَكٍ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ لَا تُغۡنِي شَفَٰعَتُهُمۡ شَيۡـًٔا إِلَّا مِنۢ بَعۡدِ أَن يَأۡذَنَ ٱللَّهُ لِمَن يَشَآءُ وَيَرۡضَىٰٓ ٢٦Асмандарда канча периште болсо, Аллаһ Өзү каалаган жана ыраазы болгон пендесине уруксат бермейинче, алардын шапаатынан эч пайда жок إِنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ لَيُسَمُّونَ ٱلۡمَلَٰٓئِكَةَ تَسۡمِيَةَ ٱلۡأُنثَىٰ ٢٧Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат وَمَا لَهُم بِهِۦ مِنۡ عِلۡمٍۖ إِن يَتَّبِعُونَ إِلَّا ٱلظَّنَّۖ وَإِنَّ ٱلظَّنَّ لَا يُغۡنِي مِنَ ٱلۡحَقِّ شَيۡـًٔا ٢٨Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт فَأَعۡرِضۡ عَن مَّن تَوَلَّىٰ عَن ذِكۡرِنَا وَلَمۡ يُرِدۡ إِلَّا ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا ٢٩Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл ذَٰلِكَ مَبۡلَغُهُم مِّنَ ٱلۡعِلۡمِۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِۦ وَهُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱهۡتَدَىٰ ٣٠Алардын илимден жеткен чеги — ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын билип турат وَلِلَّهِ مَا فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِي ٱلۡأَرۡضِ لِيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَسَٰٓـُٔواْ بِمَا عَمِلُواْ وَيَجۡزِيَ ٱلَّذِينَ أَحۡسَنُواْ بِٱلۡحُسۡنَى ٣١Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (Бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллаһка таандык ٱلَّذِينَ يَجۡتَنِبُونَ كَبَٰٓئِرَ ٱلۡإِثۡمِ وَٱلۡفَوَٰحِشَ إِلَّا ٱللَّمَمَۚ إِنَّ رَبَّكَ وَٰسِعُ ٱلۡمَغۡفِرَةِۚ هُوَ أَعۡلَمُ بِكُمۡ إِذۡ أَنشَأَكُم مِّنَ ٱلۡأَرۡضِ وَإِذۡ أَنتُمۡ أَجِنَّةٌ فِي بُطُونِ أُمَّهَٰتِكُمۡۖ فَلَا تُزَكُّوٓاْ أَنفُسَكُمۡۖ هُوَ أَعۡلَمُ بِمَنِ ٱتَّقَىٰٓ ٣٢Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен.! Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллаһ такыбаларды да эң жакшы билет أَفَرَءَيۡتَ ٱلَّذِي تَوَلَّىٰ ٣٣Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы وَأَعۡطَىٰ قَلِيلًا وَأَكۡدَىٰٓ ٣٤Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат أَعِندَهُۥ عِلۡمُ ٱلۡغَيۡبِ فَهُوَ يَرَىٰٓ ٣٥Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы أَمۡ لَمۡ يُنَبَّأۡ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَىٰ ٣٦Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби وَإِبۡرَٰهِيمَ ٱلَّذِي وَفَّىٰٓ ٣٧(Аллаһтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزۡرَ أُخۡرَىٰ ٣٨(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт وَأَن لَّيۡسَ لِلۡإِنسَٰنِ إِلَّا مَا سَعَىٰ ٣٩Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган) وَأَنَّ سَعۡيَهُۥ سَوۡفَ يُرَىٰ ٤٠Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт ثُمَّ يُجۡزَىٰهُ ٱلۡجَزَآءَ ٱلۡأَوۡفَىٰ ٤١Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ ٱلۡمُنتَهَىٰ ٤٢Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат وَأَنَّهُۥ هُوَ أَضۡحَكَ وَأَبۡكَىٰ ٤٣Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү وَأَنَّهُۥ هُوَ أَمَاتَ وَأَحۡيَا ٤٤Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү وَأَنَّهُۥ خَلَقَ ٱلزَّوۡجَيۡنِ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰ ٤٥Эркек-аял — эки жупту жараткан да Анын Өзү مِن نُّطۡفَةٍ إِذَا تُمۡنَىٰ ٤٦(Жатындарга) атырылган бел суудан وَأَنَّ عَلَيۡهِ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُخۡرَىٰ ٤٧Экинчи ирет (кайрадан) жаратыш да Анын иши وَأَنَّهُۥ هُوَ أَغۡنَىٰ وَأَقۡنَىٰ ٤٨Жана (каалаганын) беймуктаж, бай кылган да Анын Өзү وَأَنَّهُۥ هُوَ رَبُّ ٱلشِّعۡرَىٰ ٤٩(Мушриктер сыйынган) Шеьранын! Раббиси да Анын Өзү وَأَنَّهُۥٓ أَهۡلَكَ عَادًا ٱلۡأُولَىٰ ٥٠Абалкы Аад коомун кыйраткан да Анын Өзү وَثَمُودَاْ فَمَآ أَبۡقَىٰ ٥١Самудду дагы (эч кимисин) калтырбай وَقَوۡمَ نُوحٍ مِّن قَبۡلُۖ إِنَّهُمۡ كَانُواْ هُمۡ أَظۡلَمَ وَأَطۡغَىٰ ٥٢Буга чейин Нух коомун да кыйраткан. Себеби алар чектен чыккан заалым коом болушкан وَٱلۡمُؤۡتَفِكَةَ أَهۡوَىٰ ٥٣«Муьтафика» (деп аталган Лут коомунун шаарларын астын-үстүн) оодарган да (Бир Өзү) فَغَشَّىٰهَا مَا غَشَّىٰ ٥٤Анан аларды орогон нерсе (таш бороону) ороп алды فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكَ تَتَمَارَىٰ ٥٥Эми (эй, инсан) Раббиңдин кайсы ишинен шектенесиң هَٰذَا نَذِيرٌ مِّنَ ٱلنُّذُرِ ٱلۡأُولَىٰٓ ٥٦Бул (Мухаммад) абалкы эскертүүчүлөрдүн бири أَزِفَتِ ٱلۡأٓزِفَةُ ٥٧Жакындашуучу (Кыямат) жакын калды لَيۡسَ لَهَا مِن دُونِ ٱللَّهِ كَاشِفَةٌ ٥٨Аны(н качан болушунун сырын) Аллаһтан башка эч ким ача албайт أَفَمِنۡ هَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ تَعۡجَبُونَ ٥٩Силер (эй, мушриктер) бул Сөздөн (Кураандан) таң калып жатасыңарбы وَتَضۡحَكُونَ وَلَا تَبۡكُونَ ٦٠(Аны укканда жүрөгүңөр ээрип) ыйлагандын ордуна (мыскылдап) күлүп жатасыңарбы وَأَنتُمۡ سَٰمِدُونَ ٦١Силер (ага) көңүл бурбадыңар فَٱسۡجُدُواْۤ لِلَّهِۤ وَٱعۡبُدُواْ ۩ ٦٢Эми (ынсапка келип) Аллаһка сажда жана ибадат кылгыла

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.