أَلۡهَىٰكُمُ ٱلتَّكَاثُرُ ١(Дүйнө, бала-чака) көбөйтүү (жана аны менен сыймыктануу) силерди (ибадаттан) алаксытып койдуحَتَّىٰ زُرۡتُمُ ٱلۡمَقَابِرَ ٢Тээ мүрзөгө келгениңерге чейинكـَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ ٣Жок! (Өмүр деген дүйнөгө кул болуу үчүн берилген эмес!) Силер (муну) жакында билип аласыңарثُمَّ كـَلَّا سَوۡفَ تَعۡلَمُونَ ٤Дагы бир ирет жок! Силер жакында (Кыяматтагы сурак учурунда) билип аласыңарكـَلَّا لَوۡ تَعۡلَمُونَ عِلۡمَ ٱلۡيَقِينِ ٥Жок-жок, эгер силер (чындыкты ушул дүйнөдө) анык билгениңерде (дүйнөгө кул болбойт элеңер)لَتَرَوُنَّ ٱلۡجَحِيمَ ٦(Эми) тозокту көрүшүңөр аныкثُمَّ لَتَرَوُنَّهَا عَيۡنَ ٱلۡيَقِينِ ٧Анан аны албетте өз көзүңөр менен көрөсүңөрثُمَّ لَتُسۡـَٔلُنَّ يَوۡمَئِذٍ عَنِ ٱلنَّعِيمِ ٨Андан соң, ошол күнү (Аллаһ тарабынан аманатка берилген) нээматтар (өмүр, мал-дүйнө, бала-чака) жөнүндө албетте сураласыңар