وَٱلتِّينِ وَٱلزَّيۡتُونِ ١Анжирге ант, Зайтунга антوَطُورِ سِينِينَ ٢Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна антوَهَٰذَا ٱلۡبَلَدِ ٱلۡأَمِينِ ٣Жана мына бул тынч шаарга (Маккага) антلَقَدۡ خَلَقۡنَا ٱلۡإِنسَٰنَ فِيٓ أَحۡسَنِ تَقۡوِيمٍ ٤Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттыкثُمَّ رَدَدۡنَٰهُ أَسۡفَلَ سَٰفِلِينَ ٥Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабызإِلَّا ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ فَلَهُمۡ أَجۡرٌ غَيۡرُ مَمۡنُونٍ ٦Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (Бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар барفَمَا يُكَذِّبُكَ بَعۡدُ بِٱلدِّينِ ٧(О,инсан! ) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылдыأَلَيۡسَ ٱللَّهُ بِأَحۡكَمِ ٱلۡحَٰكِمِينَ ٨Аллаһ эң даанышман өкүмдар эмеспи