بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
سَبِّحِ ٱسۡمَ رَبِّكَ ٱلۡأَعۡلَى ١Эң жогорку Раббиңдин ысымын (бардык кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула ٱلَّذِي خَلَقَ فَسَوَّىٰ ٢Ал\(бүт ааламдарды) жараткан жана теңсалмактуу кылган وَٱلَّذِي قَدَّرَ فَهَدَىٰ ٣Жана (ааламдардагы жандуу-жансыз нерселердин өмүрүн, тагдырын) өлчөп-белгилеп, (ар бирине өзгөчө касиеттер берип, жашоо жолуна) багыттаган وَٱلَّذِيٓ أَخۡرَجَ ٱلۡمَرۡعَىٰ ٤Ал (эрте жазда жерден ар түрдүү) өсүмдүктү чыгарып فَجَعَلَهُۥ غُثَآءً أَحۡوَىٰ ٥андан соң (кеч күздө) карарган чөп кылып койот سَنُقۡرِئُكَ فَلَا تَنسَىٰٓ ٦(О, Мухаммад), Биз сага (Кураанды) окутабыз. Анан сен эч унутпайсың إِلَّا مَا شَآءَ ٱللَّهُۚ إِنَّهُۥ يَعۡلَمُ ٱلۡجَهۡرَ وَمَا يَخۡفَىٰ ٧Бирок, Аллаһ (унуттурууну) каалаган нерселерди гана унутасың. Ал чынында, ашкере жана купуя нерселерди билет وَنُيَسِّرُكَ لِلۡيُسۡرَىٰ ٨Жана Биз сага оңой жолду жеңил кылып беребиз فَذَكِّرۡ إِن نَّفَعَتِ ٱلذِّكۡرَىٰ ٩Эми, насаат пайда берсе (адамдарга Кураан менен) насаат айткын سَيَذَّكَّرُ مَن يَخۡشَىٰ ١٠(Насаатты) Аллаһтан корккон адамдар гана эсине алышат وَيَتَجَنَّبُهَا ٱلۡأَشۡقَى ١١Шордуу адам болсо андан качат ٱلَّذِي يَصۡلَى ٱلنَّارَ ٱلۡكُبۡرَىٰ ١٢Ал эбегейсиз чоң отко кире турган киши ثُمَّ لَا يَمُوتُ فِيهَا وَلَا يَحۡيَىٰ ١٣Ал анын (тозоктун) ичинде же өлө албайт же жашай албайт قَدۡ أَفۡلَحَ مَن تَزَكَّىٰ ١٤Ким (ыйман менен) тазарган болсо, ал ийгиликке жетти وَذَكَرَ ٱسۡمَ رَبِّهِۦ فَصَلَّىٰ ١٥Жана Раббисинин ысымын эскерип, намаз окуса ( - ийгиликке жетти) بَلۡ تُؤۡثِرُونَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا ١٦Силер (эй, каапырлар!) дүйнө жашоосун (Акыреттен) жогору койосуңар وَٱلۡأٓخِرَةُ خَيۡرٌ وَأَبۡقَىٰٓ ١٧Бирок, Акырет (жашоосу) жакшы жана түбөлүк إِنَّ هَٰذَا لَفِي ٱلصُّحُفِ ٱلۡأُولَىٰ ١٨Чынында, бул (айтылгандар) абалкы (ыйык) барактарда да бар эле صُحُفِ إِبۡرَٰهِيمَ وَمُوسَىٰ ١٩Ибрахимдин жана Мусанын барактарында