ملة الإسلام

السورة 86 · 17 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الطارق باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الطارق (1,326 قارئاً)
مكيةسورة الطارق١٧ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلسَّمَآءِ وَٱلطَّارِقِ ١Мен Асманга жана түндөсү келүүчүгө ант ичемин وَمَآ أَدۡرَىٰكَ مَا ٱلطَّارِقُ ٢(О, Мухаммад) сен түндө келүүчү (Таарик) эмне экенин билбейсиң ٱلنَّجۡمُ ٱلثَّاقِبُ ٣Ал (нуру менен караңгылыкты) тешүүчү жылдыз إِن كُلُّ نَفۡسٍ لَّمَّا عَلَيۡهَا حَافِظٌ ٤Бардык адам(дар)дын үстүндө сактоочу периште бар فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ مِمَّ خُلِقَ ٥Эми, инсан өзүнүн эмнеден жаралганына байкоо салсын خُلِقَ مِن مَّآءٍ دَافِقٍ ٦Атырылган (бел) суудан жаратылган يَخۡرُجُ مِنۢ بَيۡنِ ٱلصُّلۡبِ وَٱلتَّرَآئِبِ ٧(Ал суу) омуртка жана көкүрөк кабынын арасынан (бөлүнүп) чыгат إِنَّهُۥ عَلَىٰ رَجۡعِهِۦ لَقَادِرٌ ٨Ал (Аллаһ) аны (экинчи ирет дагы жашоого) кайтарууга кудуреттүү يَوۡمَ تُبۡلَى ٱلسَّرَآئِرُ ٩Сырлар ашкереленген (Кыямат) күндө فَمَا لَهُۥ مِن قُوَّةٍ وَلَا نَاصِرٍ ١٠(Ал күнү) ага эч бир кудурет, эч бир жардам берүүчү болбойт وَٱلسَّمَآءِ ذَاتِ ٱلرَّجۡعِ ١١Асманга ант, кайра-кайра жааган жамгырлуу وَٱلۡأَرۡضِ ذَاتِ ٱلصَّدۡعِ ١٢Жерге ант, жарып чыккан өсүмдүктүү إِنَّهُۥ لَقَوۡلٌ فَصۡلٌ ١٣Ал (Кураан) аныгында (акыйкат менен жалганды) ажыратуучу Сөз وَمَا هُوَ بِٱلۡهَزۡلِ ١٤Азил-тамаша (сөз) эмес إِنَّهُمۡ يَكِيدُونَ كَيۡدًا ١٥Алар (каапырлар динге каршы) айла амалдарды жасашат وَأَكِيدُ كَيۡدًا ١٦Мен дагы амалкерлик кыламын فَمَهِّلِ ٱلۡكَٰفِرِينَ أَمۡهِلۡهُمۡ رُوَيۡدَۢا ١٧Эми, сен (О, Мухаммад) каапырларды койо тур. Аларга бир аз гана мөөнөт бер

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.