ملة الإسلام

السورة 92 · 21 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الليل باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الليل (1,297 قارئاً)
مكيةسورة الليل٢١ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰ ١(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант وَٱلنَّهَارِ إِذَا تَجَلَّىٰ ٢(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант وَمَا خَلَقَ ٱلذَّكَرَ وَٱلۡأُنثَىٰٓ ٣Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант إِنَّ سَعۡيَكُمۡ لَشَتَّىٰ ٤Албетте (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай فَأَمَّا مَنۡ أَعۡطَىٰ وَٱتَّقَىٰ ٥Ким (садака) берсе жана такыба кылса وَصَدَّقَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ ٦жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса — فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡيُسۡرَىٰ ٧Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз وَأَمَّا مَنۢ بَخِلَ وَٱسۡتَغۡنَىٰ ٨Ал эми, ким (байлыгын Аллаһ жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллаһ бере турган соопту) “керек эмес” десе وَكَذَّبَ بِٱلۡحُسۡنَىٰ ٩Жана ыйманды жалган десе فَسَنُيَسِّرُهُۥ لِلۡعُسۡرَىٰ ١٠Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз وَمَا يُغۡنِي عَنۡهُ مَالُهُۥٓ إِذَا تَرَدَّىٰٓ ١١(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат إِنَّ عَلَيۡنَا لَلۡهُدَىٰ ١٢Албетте, (адамдарды) Туура Жолго баштоо Бизге гана таандык иш وَإِنَّ لَنَا لَلۡأٓخِرَةَ وَٱلۡأُولَىٰ ١٣Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда فَأَنذَرۡتُكُمۡ نَارًا تَلَظَّىٰ ١٤Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим لَا يَصۡلَىٰهَآ إِلَّا ٱلۡأَشۡقَى ١٥Ал отко шору каткан адам гана кирет ٱلَّذِي كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ ١٦Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган وَسَيُجَنَّبُهَا ٱلۡأَتۡقَى ١٧Андан (тозоктон) такыбаа киши ыраак болот ٱلَّذِي يُؤۡتِي مَالَهُۥ يَتَزَكَّىٰ ١٨Ал мал-мүлкүн (Аллаһ жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши وَمَا لِأَحَدٍ عِندَهُۥ مِن نِّعۡمَةٍ تُجۡزَىٰٓ ١٩Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок إِلَّا ٱبۡتِغَآءَ وَجۡهِ رَبِّهِ ٱلۡأَعۡلَىٰ ٢٠(Анын бардык жакшылыктары) эң жогорку Раббисинин ыраазычылыгы үчүн гана (жасалат) وَلَسَوۡفَ يَرۡضَىٰ ٢١Жакында (Аллаһ аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.