ملة الإسلام

السورة 91 · 15 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الشمس باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الشمس (1,360 قارئاً)
مكيةسورة الشمس١٥ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

وَٱلشَّمۡسِ وَضُحَىٰهَا ١Күн жана анын жарыгына ант وَٱلۡقَمَرِ إِذَا تَلَىٰهَا ٢Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант وَٱلنَّهَارِ إِذَا جَلَّىٰهَا ٣Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант وَٱلَّيۡلِ إِذَا يَغۡشَىٰهَا ٤Жана аны ороп кала турган түнгө ант وَٱلسَّمَآءِ وَمَا بَنَىٰهَا ٥Асманга жана аны (бекем) курганга? ант وَٱلۡأَرۡضِ وَمَا طَحَىٰهَا ٦Жерге жана аны жайганга ант وَنَفۡسٍ وَمَا سَوَّىٰهَا ٧Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!° فَأَلۡهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقۡوَىٰهَا ٨Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду قَدۡ أَفۡلَحَ مَن زَكَّىٰهَا ٩Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет وَقَدۡ خَابَ مَن دَسَّىٰهَا ١٠Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат كَذَّبَتۡ ثَمُودُ بِطَغۡوَىٰهَآ ١١Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды إِذِ ٱنۢبَعَثَ أَشۡقَىٰهَا ١٢Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду فَقَالَ لَهُمۡ رَسُولُ ٱللَّهِ نَاقَةَ ٱللَّهِ وَسُقۡيَٰهَا ١٣Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمۡدَمَ عَلَيۡهِمۡ رَبُّهُم بِذَنۢبِهِمۡ فَسَوَّىٰهَا ١٤Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды وَلَا يَخَافُ عُقۡبَٰهَا ١٥Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.