ملة الإسلام

السورة 56 · 96 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الواقعة باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الواقعة (1,362 قارئاً)
مكيةسورة الواقعة٩٦ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا وَقَعَتِ ٱلۡوَاقِعَةُ ١(Кыяматтык) окуя болгондо لَيۡسَ لِوَقۡعَتِهَا كَاذِبَةٌ ٢Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт خَافِضَةٌ رَّافِعَةٌ ٣Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү إِذَا رُجَّتِ ٱلۡأَرۡضُ رَجًّا ٤Жер катуу силкинип, титирегенде وَبُسَّتِ ٱلۡجِبَالُ بَسًّا ٥Тоолор дагы талкаланып فَكَانَتۡ هَبَآءً مُّنۢبَثًّا ٦чаң-тозонго айланганда وَكُنتُمۡ أَزۡوَٰجًا ثَلَٰثَةً ٧Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө فَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَيۡمَنَةِ ٨Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража) وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡمَشۡـَٔمَةِ ٩Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража) وَٱلسَّٰبِقُونَ ٱلسَّٰبِقُونَ ١٠Алдыңкылар — алдыңкылар أُوْلَٰٓئِكَ ٱلۡمُقَرَّبُونَ ١١Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор فِي جَنَّٰتِ ٱلنَّعِيمِ ١٢Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат ثُلَّةٌ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ ١٣(Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар وَقَلِيلٌ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ ١٤Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт) عَلَىٰ سُرُرٍ مَّوۡضُونَةٍ ١٥Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө مُّتَّكِـِٔينَ عَلَيۡهَا مُتَقَٰبِلِينَ ١٦жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат يَطُوفُ عَلَيۡهِمۡ وِلۡدَٰنٌ مُّخَلَّدُونَ ١٧(Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт بِأَكۡوَابٍ وَأَبَارِيقَ وَكَأۡسٍ مِّن مَّعِينٍ ١٨Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен لَّا يُصَدَّعُونَ عَنۡهَا وَلَا يُنزِفُونَ ١٩Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт وَفَٰكِهَةٍ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ ٢٠(Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен وَلَحۡمِ طَيۡرٍ مِّمَّا يَشۡتَهُونَ ٢١табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт) وَحُورٌ عِينٌ ٢٢Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар كَأَمۡثَٰلِ ٱللُّؤۡلُوِٕ ٱلۡمَكۡنُونِ ٢٣(Седепте) жашынган бермет сыяктуу جَزَآءَۢ بِمَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ ٢٤Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына لَا يَسۡمَعُونَ فِيهَا لَغۡوًا وَلَا تَأۡثِيمًا ٢٥(Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт إِلَّا قِيلًا سَلَٰمًا سَلَٰمًا ٢٦Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат وَأَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلۡيَمِينِ ٢٧Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт) فِي سِدۡرٍ مَّخۡضُودٍ ٢٨(Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында وَطَلۡحٍ مَّنضُودٍ ٢٩Мөмөлүү банан бактарында وَظِلٍّ مَّمۡدُودٍ ٣٠Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө وَمَآءٍ مَّسۡكُوبٍ ٣١(Шар) аккан суулар(дын боюн)да وَفَٰكِهَةٍ كَثِيرَةٍ ٣٢Көп мөмө-жемиштердин ичинде — لَّا مَقۡطُوعَةٍ وَلَا مَمۡنُوعَةٍ ٣٣Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн وَفُرُشٍ مَّرۡفُوعَةٍ ٣٤(Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө إِنَّآ أَنشَأۡنَٰهُنَّ إِنشَآءً ٣٥Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык فَجَعَلۡنَٰهُنَّ أَبۡكَارًا ٣٦Биз аларды бикир* кылып жаратып عُرُبًا أَتۡرَابًا ٣٧Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук لِّأَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ ٣٨Оң тарап ээлери үчүн ثُلَّةٌ مِّنَ ٱلۡأَوَّلِينَ ٣٩Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар وَثُلَّةٌ مِّنَ ٱلۡأٓخِرِينَ ٤٠Акыркылардан азыраак жамааттар وَأَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ مَآ أَصۡحَٰبُ ٱلشِّمَالِ ٤١Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража) فِي سَمُومٍ وَحَمِيمٍ ٤٢Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде وَظِلٍّ مِّن يَحۡمُومٍ ٤٣жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө» لَّا بَارِدٍ وَلَا كَرِيمٍ ٤٤Анын салкыны да жок, көркү да жок إِنَّهُمۡ كَانُواْ قَبۡلَ ذَٰلِكَ مُتۡرَفِينَ ٤٥Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле وَكَانُواْ يُصِرُّونَ عَلَى ٱلۡحِنثِ ٱلۡعَظِيمِ ٤٦Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан وَكَانُواْ يَقُولُونَ أَئِذَا مِتۡنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَٰمًا أَءِنَّا لَمَبۡعُوثُونَ ٤٧Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз أَوَءَابَآؤُنَا ٱلۡأَوَّلُونَ ٤٨Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен قُلۡ إِنَّ ٱلۡأَوَّلِينَ وَٱلۡأٓخِرِينَ ٤٩(Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы لَمَجۡمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَٰتِ يَوۡمٍ مَّعۡلُومٍ ٥٠Белгиленген күндүн убадасына чогултулат ثُمَّ إِنَّكُمۡ أَيُّهَا ٱلضَّآلُّونَ ٱلۡمُكَذِّبُونَ ٥١Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар لَأٓكِلُونَ مِن شَجَرٍ مِّن زَقُّومٍ ٥٢«Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер فَمَالِـُٔونَ مِنۡهَا ٱلۡبُطُونَ ٥٣Аны менен курсагыңарды толтуруп فَشَٰرِبُونَ عَلَيۡهِ مِنَ ٱلۡحَمِيمِ ٥٤Үстүнөн кайнак суу ичесиңер فَشَٰرِبُونَ شُرۡبَ ٱلۡهِيمِ ٥٥Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!» هَٰذَا نُزُلُهُمۡ يَوۡمَ ٱلدِّينِ ٥٦Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул نَحۡنُ خَلَقۡنَٰكُمۡ فَلَوۡلَا تُصَدِّقُونَ ٥٧(О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле أَفَرَءَيۡتُم مَّا تُمۡنُونَ ٥٨Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү ءَأَنتُمۡ تَخۡلُقُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡخَٰلِقُونَ ٥٩Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы نَحۡنُ قَدَّرۡنَا بَيۡنَكُمُ ٱلۡمَوۡتَ وَمَا نَحۡنُ بِمَسۡبُوقِينَ ٦٠Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз عَلَىٰٓ أَن نُّبَدِّلَ أَمۡثَٰلَكُمۡ وَنُنشِئَكُمۡ فِي مَا لَا تَعۡلَمُونَ ٦١Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга وَلَقَدۡ عَلِمۡتُمُ ٱلنَّشۡأَةَ ٱلۡأُولَىٰ فَلَوۡلَا تَذَكَّرُونَ ٦٢Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби أَفَرَءَيۡتُم مَّا تَحۡرُثُونَ ٦٣Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы ءَأَنتُمۡ تَزۡرَعُونَهُۥٓ أَمۡ نَحۡنُ ٱلزَّٰرِعُونَ ٦٤Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү لَوۡ نَشَآءُ لَجَعَلۡنَٰهُ حُطَٰمًا فَظَلۡتُمۡ تَفَكَّهُونَ ٦٥Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып إِنَّا لَمُغۡرَمُونَ ٦٦«Чынында биз зыянга баттык بَلۡ نَحۡنُ مَحۡرُومُونَ ٦٧(Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلۡمَآءَ ٱلَّذِي تَشۡرَبُونَ ٦٨Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы ءَأَنتُمۡ أَنزَلۡتُمُوهُ مِنَ ٱلۡمُزۡنِ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنزِلُونَ ٦٩Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү لَوۡ نَشَآءُ جَعَلۡنَٰهُ أُجَاجًا فَلَوۡلَا تَشۡكُرُونَ ٧٠Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы أَفَرَءَيۡتُمُ ٱلنَّارَ ٱلَّتِي تُورُونَ ٧١Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы ءَأَنتُمۡ أَنشَأۡتُمۡ شَجَرَتَهَآ أَمۡ نَحۡنُ ٱلۡمُنشِـُٔونَ ٧٢Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби نَحۡنُ جَعَلۡنَٰهَا تَذۡكِرَةً وَمَتَٰعًا لِّلۡمُقۡوِينَ ٧٣Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ ٧٤Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула ۞ فَلَآ أُقۡسِمُ بِمَوَٰقِعِ ٱلنُّجُومِ ٧٥Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин وَإِنَّهُۥ لَقَسَمٌ لَّوۡ تَعۡلَمُونَ عَظِيمٌ ٧٦Бул өтө улук ант, эгер билсеңер إِنَّهُۥ لَقُرۡءَانٌ كَرِيمٌ ٧٧Ал- Улук Кураан فِي كِتَٰبٍ مَّكۡنُونٍ ٧٨Сакталган-жашыруун Китепте لَّا يَمَسُّهُۥٓ إِلَّا ٱلۡمُطَهَّرُونَ ٧٩Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٨٠Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн أَفَبِهَٰذَا ٱلۡحَدِيثِ أَنتُم مُّدۡهِنُونَ ٨١Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы وَتَجۡعَلُونَ رِزۡقَكُمۡ أَنَّكُمۡ تُكَذِّبُونَ ٨٢Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы فَلَوۡلَآ إِذَا بَلَغَتِ ٱلۡحُلۡقُومَ ٨٣(Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе وَأَنتُمۡ حِينَئِذٍ تَنظُرُونَ ٨٤Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар وَنَحۡنُ أَقۡرَبُ إِلَيۡهِ مِنكُمۡ وَلَٰكِن لَّا تُبۡصِرُونَ ٨٥(Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр فَلَوۡلَآ إِن كُنتُمۡ غَيۡرَ مَدِينِينَ ٨٦Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор تَرۡجِعُونَهَآ إِن كُنتُمۡ صَٰدِقِينَ ٨٧(Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор فَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُقَرَّبِينَ ٨٨Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо فَرَوۡحٌ وَرَيۡحَانٌ وَجَنَّتُ نَعِيمٍ ٨٩(Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ ٩٠Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо فَسَلَٰمٌ لَّكَ مِنۡ أَصۡحَٰبِ ٱلۡيَمِينِ ٩١Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун وَأَمَّآ إِن كَانَ مِنَ ٱلۡمُكَذِّبِينَ ٱلضَّآلِّينَ ٩٢Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо فَنُزُلٌ مِّنۡ حَمِيمٍ ٩٣Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип وَتَصۡلِيَةُ جَحِيمٍ ٩٤Тозокко ташталат إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ ٱلۡيَقِينِ ٩٥Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат فَسَبِّحۡ بِٱسۡمِ رَبِّكَ ٱلۡعَظِيمِ ٩٦Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.