ملة الإسلام

السورة 55 · 78 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة الرحمن باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة الرحمن (1,425 قارئاً)
مدنيةسورة الرحمن٧٨ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

ٱلرَّحۡمَٰنُ ١Ар-Рахман عَلَّمَ ٱلۡقُرۡءَانَ ٢Кураанды таалим берди خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ ٣Инсанды жаратты عَلَّمَهُ ٱلۡبَيَانَ ٤(Жана) ага баянды — сөздү үйрөттү ٱلشَّمۡسُ وَٱلۡقَمَرُ بِحُسۡبَانٍ ٥Күн дагы, Ай дагы (Аллаһ койгон) эсеп менен (айланат) وَٱلنَّجۡمُ وَٱلشَّجَرُ يَسۡجُدَانِ ٦Жылдыз дагы, дарак дагы (Раббисин таанып, Ага) сажда кылат وَٱلسَّمَآءَ رَفَعَهَا وَوَضَعَ ٱلۡمِيزَانَ ٧(Аллаһ) асманды бийик көтөрдү жана (жерге) адилеттүүлүк орнотту أَلَّا تَطۡغَوۡاْ فِي ٱلۡمِيزَانِ ٨Таразада кыянат кылбагыла деп وَأَقِيمُواْ ٱلۡوَزۡنَ بِٱلۡقِسۡطِ وَلَا تُخۡسِرُواْ ٱلۡمِيزَانَ ٩Адилет менен өлчөгүлө жана таразадан «кымтып» калбагыла وَٱلۡأَرۡضَ وَضَعَهَا لِلۡأَنَامِ ١٠Ал жерди калк-калайык? үчүн (мекен) кылды فِيهَا فَٰكِهَةٌ وَٱلنَّخۡلُ ذَاتُ ٱلۡأَكۡمَامِ ١١Анда (ар түрдүү) мөмөлөр жана бүчүр түйгөн курмалар وَٱلۡحَبُّ ذُو ٱلۡعَصۡفِ وَٱلرَّيۡحَانُ ١٢Кылкандуу дандар жана жыпар жыттуу гүлдөр бар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ١٣Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар خَلَقَ ٱلۡإِنسَٰنَ مِن صَلۡصَٰلٍ كَٱلۡفَخَّارِ ١٤Ал инсанды (Адам-Атаны) чопо сыяктуу кургак ылайдан жаратты وَخَلَقَ ٱلۡجَآنَّ مِن مَّارِجٍ مِّن نَّارٍ ١٥Жин-Иблисти болсо, оттун жалынынан жаратты فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ١٦Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар رَبُّ ٱلۡمَشۡرِقَيۡنِ وَرَبُّ ٱلۡمَغۡرِبَيۡنِ ١٧Ал эки чыгыш менен эки батыштын? Раббиси فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ١٨(О, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар مَرَجَ ٱلۡبَحۡرَيۡنِ يَلۡتَقِيَانِ ١٩Ал деңиз менен дайраны(н суусун) аралаштырды بَيۡنَهُمَا بَرۡزَخٌ لَّا يَبۡغِيَانِ ٢٠(Бирок), ортосунда (Аллаһ койгон) тосмо бар: өтүшпөйт فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٢١Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар يَخۡرُجُ مِنۡهُمَا ٱللُّؤۡلُؤُ وَٱلۡمَرۡجَانُ ٢٢Алардан (Аллаһ) берметтерди, шуруларды чыгарат فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٢٣Эми, (о, инсандар жана жиндер) Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар وَلَهُ ٱلۡجَوَارِ ٱلۡمُنشَـَٔاتُ فِي ٱلۡبَحۡرِ كَٱلۡأَعۡلَٰمِ ٢٤(Адам колу менен) жасалган деңиздеги тоо сыяктанган кемелер дагы (чынын айтканда) Анын мүлкү فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٢٥Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар كُلُّ مَنۡ عَلَيۡهَا فَانٍ ٢٦Жер жүзүндөгү бардык нерсе жок болуучу وَيَبۡقَىٰ وَجۡهُ رَبِّكَ ذُو ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ ٢٧Бир гана улуу-урматтуулук Ээси болгон Раббиңдин Жүзү түбөлүк فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٢٨Эми, (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар يَسۡـَٔلُهُۥ مَن فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ كُلَّ يَوۡمٍ هُوَ فِي شَأۡنٍ ٢٩Асмандагы жана жердегинин бардыгы Андан (жардам, ырыскы) сурашат. Ал ар күн сайын иш үстүндө فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٣٠Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар سَنَفۡرُغُ لَكُمۡ أَيُّهَ ٱلثَّقَلَانِ ٣١О, инсандар жана жиндер! Силер(ден эсеп алуу) үчүн бошой алабыз فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٣٢Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар يَٰمَعۡشَرَ ٱلۡجِنِّ وَٱلۡإِنسِ إِنِ ٱسۡتَطَعۡتُمۡ أَن تَنفُذُواْ مِنۡ أَقۡطَارِ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِ فَٱنفُذُواْۚ لَا تَنفُذُونَ إِلَّا بِسُلۡطَٰنٍ ٣٣О, инсандар менен жиндер жамааты! Эгер асмандар менен жердин чекараларынан чыгып кете алсаңар — кете бергиле. (Аллаһтан) уруксат (же кубат) берилмейинче чыга албайсыңар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٣٤Эми, Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар يُرۡسَلُ عَلَيۡكُمَا شُوَاظٌ مِّن نَّارٍ وَنُحَاسٌ فَلَا تَنتَصِرَانِ ٣٥Силерге оттун жалыны менен (эритилген) жез жиберилет жана (бири-бириңерге) жардам бере албай каласыңар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٣٦Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар فَإِذَا ٱنشَقَّتِ ٱلسَّمَآءُ فَكَانَتۡ وَرۡدَةً كَٱلدِّهَانِ ٣٧Эгер (Кыямат келип) асман жарылса, кызыл гүлдүн түсүндөй кайнак майга айланат فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٣٨Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар فَيَوۡمَئِذٍ لَّا يُسۡـَٔلُ عَن ذَنۢبِهِۦٓ إِنسٌ وَلَا جَآنٌّ ٣٩Ал күндө инсандар менен жиндердин күнөөсү (периштелер тарабынан) суралбайт فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٤٠Эми (о, инсандар жана жиндер), Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар يُعۡرَفُ ٱلۡمُجۡرِمُونَ بِسِيمَٰهُمۡ فَيُؤۡخَذُ بِٱلنَّوَٰصِي وَٱلۡأَقۡدَامِ ٤١Күнөөлүүлөр өңүнөн эле таанылып турат. Анан алардын маңдай көкүлүнөн жана тамандарынан кармалат (дагы, тозокко ташталат) فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٤٢Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар هَٰذِهِۦ جَهَنَّمُ ٱلَّتِي يُكَذِّبُ بِهَا ٱلۡمُجۡرِمُونَ ٤٣Күнөөлүүлөр жалган деген тозок — ушул يَطُوفُونَ بَيۡنَهَا وَبَيۡنَ حَمِيمٍ ءَانٍ ٤٤Алар тозок менен «хамимдин» арасында айланышат فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٤٥(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар وَلِمَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ جَنَّتَانِ ٤٦Ал эми, Раббисинин алдында (сурак берип туруудан) корккондорго эки бейиш-бак берилет فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٤٧(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар ذَوَاتَآ أَفۡنَانٍ ٤٨Эки бак тең бутактуу.” فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٤٩(Эй, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар فِيهِمَا عَيۡنَانِ تَجۡرِيَانِ ٥٠Экөөндө тең агып турган булактар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٥١Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар فِيهِمَا مِن كُلِّ فَٰكِهَةٍ زَوۡجَانِ ٥٢Экөөндө тең жуп-жуптан ар түркүн мөмөлөр бар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٥٣Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ فُرُشِۭ بَطَآئِنُهَا مِنۡ إِسۡتَبۡرَقٍۚ وَجَنَى ٱلۡجَنَّتَيۡنِ دَانٍ ٥٤(Бейиш ээлери) ичилиги жибек төшөктөргө жөлөнүп отурушат. Эки Бейиштин тең мөмөлөрү ийилген فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٥٥(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар فِيهِنَّ قَٰصِرَٰتُ ٱلطَّرۡفِ لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٌ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنٌّ ٥٦Ал төшөктөрдө инсандын да, жиндин да колу тийбеген жана көзүн (жат эркектен) сактаган үр кыздар бар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٥٧(О, инсандар жана жиндер!) Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар كَأَنَّهُنَّ ٱلۡيَاقُوتُ وَٱلۡمَرۡجَانُ ٥٨Ал үр кыздар жакут-маржан сыяктуу فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٥٩Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар هَلۡ جَزَآءُ ٱلۡإِحۡسَٰنِ إِلَّا ٱلۡإِحۡسَٰنُ ٦٠Жакшылыктын жообу (ушундай) жакшылыктан башка эмес فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٦١Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар وَمِن دُونِهِمَا جَنَّتَانِ ٦٢Эки Бейиштен ылдыйраакта дагы эки Бейиш бар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٦٣Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар مُدۡهَآمَّتَانِ ٦٤Эки (күмүш) Бейиш тең жашыл түстө فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٦٥Дагы Раббиңердин кайсы нээматын жалган дей аласыңар فِيهِمَا عَيۡنَانِ نَضَّاخَتَانِ ٦٦Экөөндө тең атырылган булактар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٦٧Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар فِيهِمَا فَٰكِهَةٌ وَنَخۡلٌ وَرُمَّانٌ ٦٨Экөөсүндө тең мөмөлөр, курмалар жана анарлар فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٦٩Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар فِيهِنَّ خَيۡرَٰتٌ حِسَانٌ ٧٠Бейиштердин бардыгында татынакай, ай чырайлуу селкилер فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٧١Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар حُورٌ مَّقۡصُورَٰتٌ فِي ٱلۡخِيَامِ ٧٢Үр кыздар бар, (күн тийбеген) чатырларда сакталган فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٧٣Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар لَمۡ يَطۡمِثۡهُنَّ إِنسٌ قَبۡلَهُمۡ وَلَا جَآنٌّ ٧٤Аларга мурда эч бир жиндин, эч бир адамдын колу тийбеген فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٧٥Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар مُتَّكِـِٔينَ عَلَىٰ رَفۡرَفٍ خُضۡرٍ وَعَبۡقَرِيٍّ حِسَانٍ ٧٦Жашыл тыштуу жаздыктарга, кооз-көркөм килемдерге жамбашташат فَبِأَيِّ ءَالَآءِ رَبِّكُمَا تُكَذِّبَانِ ٧٧Раббиңердин дагы кайсы нээматын жалган дей аласыңар تَبَٰرَكَ ٱسۡمُ رَبِّكَ ذِي ٱلۡجَلَٰلِ وَٱلۡإِكۡرَامِ ٧٨Улуулуктун жана урматтуулуктун Ээси — Раббиңдин ысымы таберик

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.