بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ
وَٱلنَّٰزِعَٰتِ غَرۡقًا ١(Каапырлардын жанын) тереңинен (оорутуп) сууруп алуучу периштелер менен ант ичип وَٱلنَّٰشِطَٰتِ نَشۡطًا ٢(ыймандуулардын жанын оорутпай) “чечип алуучу” периштелер менен ант ичип وَٱلسَّٰبِحَٰتِ سَبۡحًا ٣(Асман мейкиндигинде өйдө-ылдый) сүзүп жүрүүчү периштелер менен ант ичип فَٱلسَّٰبِقَٰتِ سَبۡقًا ٤(Аллаһтын буйругун аткарууда) бири-бири менен жарышуучу периштелер менен ант ичип فَٱلۡمُدَبِّرَٰتِ أَمۡرًا ٥(Аллаһ табыштаган ааламдык) иштерди башкаруучу периштелер менен ант ичип (айтамын) يَوۡمَ تَرۡجُفُ ٱلرَّاجِفَةُ ٦Ал Күнү (Сур кернейдин биринчи деминен улам) титирөөчү (жер) титирейт تَتۡبَعُهَا ٱلرَّادِفَةُ ٧Анынартынан кийинки Сур тартылат قُلُوبٌ يَوۡمَئِذٍ وَاجِفَةٌ ٨Ошол күнү (каапыр) жүрөктөр катуу коркуп أَبۡصَٰرُهَا خَٰشِعَةٌ ٩Көздөрү жалдырап калат يَقُولُونَ أَءِنَّا لَمَرۡدُودُونَ فِي ٱلۡحَافِرَةِ ١٠(Каапырларга Кыяматтагы кайра тирилүү жөнүндө айтылчу болсо, адамды мыскылдап, какшыктап, мындай) дешет: «Эмне, биз мурдакы (тирүү) абалыбызга кайтарылабызбы أَءِذَا كُنَّا عِظَٰمًا نَّخِرَةً ١١чириген сөөк болуп калсак деле?!» قَالُواْ تِلۡكَ إِذًا كَرَّةٌ خَاسِرَةٌ ١٢(Дагы мындай) дешти: «Анда бул биз үчүн зыяндуу кайтыш болоор!» فَإِنَّمَا هِيَ زَجۡرَةٌ وَٰحِدَةٌ ١٣Ал болгону (Исрафил периште тарткан чоордун) бир гана (катуу) добушу فَإِذَا هُم بِٱلسَّاهِرَةِ ١٤Анан капыстан... (тирилип, мүрзөлөрүнөн) жер бетине чыгып калышат هَلۡ أَتَىٰكَ حَدِيثُ مُوسَىٰٓ ١٥Сага Мусанын кабары келди беле إِذۡ نَادَىٰهُ رَبُّهُۥ بِٱلۡوَادِ ٱلۡمُقَدَّسِ طُوًى ١٦Бир кезде Раббиси ага ыйык Туваа өрөөнүндө (мындай деп) сүйлөдү ٱذۡهَبۡ إِلَىٰ فِرۡعَوۡنَ إِنَّهُۥ طَغَىٰ ١٧«Фираунга баргын! Ал чектен чыгып кетти فَقُلۡ هَل لَّكَ إِلَىٰٓ أَن تَزَكَّىٰ ١٨Жана ага (мындай) дегин: «Өзүндү (ширк күнөөсүнөн) тазалоону وَأَهۡدِيَكَ إِلَىٰ رَبِّكَ فَتَخۡشَىٰ ١٩жана мен сени (жалгыз, шериксиз) Раббиңе баштоомду каалайсыңбы? Анан сен (Аллаһка ширк келтирүүдөн) коркуп калаар элең» فَأَرَىٰهُ ٱلۡأٓيَةَ ٱلۡكُبۡرَىٰ ٢٠(Муса) ага (Фираунга) чоң моожизаны (жыланга айланган аса таякты) көргөздү فَكَذَّبَ وَعَصَىٰ ٢١Бирок ал «жалган!» деп, каршы чыкты ثُمَّ أَدۡبَرَ يَسۡعَىٰ ٢٢Кийин тескери басып, (душмандашууга) аракет кылды فَحَشَرَ فَنَادَىٰ ٢٣жана (адамдарын) чогултуп, бийик добуш менен فَقَالَ أَنَا۠ رَبُّكُمُ ٱلۡأَعۡلَىٰ ٢٤«Мен силердин эң жогорку Раббиңер боломун» деди فَأَخَذَهُ ٱللَّهُ نَكَالَ ٱلۡأٓخِرَةِ وَٱلۡأُولَىٰٓ ٢٥Анан... Аллаһ аны дүйнөлүк (жазаа) жана Акыреттик азап менен жазалады إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَعِبۡرَةً لِّمَن يَخۡشَىٰٓ ٢٦Албетте, мында (Раббисинен) корккон пенделер үчүн (чоң) сабак бар ءَأَنتُمۡ أَشَدُّ خَلۡقًا أَمِ ٱلسَّمَآءُۚ بَنَىٰهَا ٢٧(Эй, каапырлар!) силердин жаратылууңар татаалыраакпы же асмандынбы?! Аны (Аллаһ) жаратты رَفَعَ سَمۡكَهَا فَسَوَّىٰهَا ٢٨Шыбын көтөрүп, бекем-кынтыксиз кылды وَأَغۡطَشَ لَيۡلَهَا وَأَخۡرَجَ ضُحَىٰهَا ٢٩Түнүн караңгы кылды жана (таң аттырып) жарыгын чыгарды وَٱلۡأَرۡضَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ دَحَىٰهَآ ٣٠Андан кийин жерди жайып (кооздоп) койду أَخۡرَجَ مِنۡهَا مَآءَهَا وَمَرۡعَىٰهَا ٣١Андан сууларын, жайлоолорун чыгарды وَٱلۡجِبَالَ أَرۡسَىٰهَا ٣٢Тоолорду (бекем) орнотту مَتَٰعًا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ ٣٣Силер үчүн жана силердин айбандарыңар үчүн пайдалануу (ырыскы) болсун деп فَإِذَا جَآءَتِ ٱلطَّآمَّةُ ٱلۡكُبۡرَىٰ ٣٤Качан чоң Кыямат келсе يَوۡمَ يَتَذَكَّرُ ٱلۡإِنسَٰنُ مَا سَعَىٰ ٣٥Ал күндө инсан (дүйнөдөгү) иш -аракеттерин эстейт وَبُرِّزَتِ ٱلۡجَحِيمُ لِمَن يَرَىٰ ٣٦Караган адамдарга тозок (анык) көргөзүлөт فَأَمَّا مَن طَغَىٰ ٣٧Кимде-ким чектен чыккан болсо وَءَاثَرَ ٱلۡحَيَوٰةَ ٱلدُّنۡيَا ٣٨жана дүйнө жашоосун (Акыреттен) артык көргөн болсо فَإِنَّ ٱلۡجَحِيمَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ ٣٩анын орду албетте, тозокто وَأَمَّا مَنۡ خَافَ مَقَامَ رَبِّهِۦ وَنَهَى ٱلنَّفۡسَ عَنِ ٱلۡهَوَىٰ ٤٠Ал эми, ким Раббисинин алдында (сурак берип) туруудан коркуп, өзүн (арам) каалоо-кумарлардан тыйса فَإِنَّ ٱلۡجَنَّةَ هِيَ ٱلۡمَأۡوَىٰ ٤١анын орду албетте, Бейиште يَسۡـَٔلُونَكَ عَنِ ٱلسَّاعَةِ أَيَّانَ مُرۡسَىٰهَا ٤٢(Кайра тирилүүдөн шектенген адамдар) сенден Кыяматтын качан болушун сурашат فِيمَ أَنتَ مِن ذِكۡرَىٰهَآ ٤٣Аны(н убактысын) билүүдөн сен алыссың إِلَىٰ رَبِّكَ مُنتَهَىٰهَآ ٤٤Анын (качан болоору жөнүндөгү илимдин башы жана) аягы Раббиңе гана тиешелүү إِنَّمَآ أَنتَ مُنذِرُ مَن يَخۡشَىٰهَا ٤٥Сен болгону андан (Кыяматтан) корко турган кишилерди эскертүүчүсүң كَأَنَّهُمۡ يَوۡمَ يَرَوۡنَهَا لَمۡ يَلۡبَثُوٓاْ إِلَّا عَشِيَّةً أَوۡ ضُحَىٰهَا ٤٦Алар (Кыяматты «жалган» дегендер) аны (өз көздөрү менен) көргөн күндө, (бул дүйнөдө) бир күн кечке чейин же түшкө чейин гана турган сыяктуу болуп калышат