ملة الإسلام

السورة 80 · 42 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة عبس باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة عبس (1,320 قارئاً)
مكيةسورة عبس٤٢ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

عَبَسَ وَتَوَلَّىٰٓ ١(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды أَن جَآءَهُ ٱلۡأَعۡمَىٰ ٢алдына (маселе сурап ) сокур киши келгенде وَمَا يُدۡرِيكَ لَعَلَّهُۥ يَزَّكَّىٰٓ ٣(О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр أَوۡ يَذَّكَّرُ فَتَنفَعَهُ ٱلذِّكۡرَىٰٓ ٤Же болбосо, (Аллаһ Тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр أَمَّا مَنِ ٱسۡتَغۡنَىٰ ٥Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде) فَأَنتَ لَهُۥ تَصَدَّىٰ ٦сен ошо(лор)го бурулуп алдың وَمَا عَلَيۡكَ أَلَّا يَزَّكَّىٰ ٧(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң وَأَمَّا مَن جَآءَكَ يَسۡعَىٰ ٨Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам وَهُوَ يَخۡشَىٰ ٩(Аллаһтан жана Кыямат күндөн) коркот эле فَأَنتَ عَنۡهُ تَلَهَّىٰ ١٠Сен ага көңүл бурбай, (башкалар менен алагды болуп) калдың كـَلَّآ إِنَّهَا تَذۡكِرَةٌ ١١Жок! (О, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллаһ тарабынан) эскерме-сабак فَمَن شَآءَ ذَكَرَهُۥ ١٢Ким кааласа — аны эскерет فِي صُحُفٍ مُّكَرَّمَةٍ ١٣(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да مَّرۡفُوعَةٍ مُّطَهَّرَةِۭ ١٤(Лавхул Махфуз) Таза—-Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору بِأَيۡدِي سَفَرَةٍ ١٥(Жана) периштелердин колунда كِرَامِۭ بَرَرَةٍ ١٦(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү) قُتِلَ ٱلۡإِنسَٰنُ مَآ أَكۡفَرَهُۥ ١٧Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты مِنۡ أَيِّ شَيۡءٍ خَلَقَهُۥ ١٨Ал (Аллаһ) аны эмнеден жаратты эле مِن نُّطۡفَةٍ خَلَقَهُۥ فَقَدَّرَهُۥ ١٩Бир тамчы суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган ثُمَّ ٱلسَّبِيلَ يَسَّرَهُۥ ٢٠Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду? оңой кылып берди ثُمَّ أَمَاتَهُۥ فَأَقۡبَرَهُۥ ٢١Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду ثُمَّ إِذَا شَآءَ أَنشَرَهُۥ ٢٢Андан соң Өзү каалаган кезде (Кыяматта) кайрадан тирилтип алат كـَلَّا لَمَّا يَقۡضِ مَآ أَمَرَهُۥ ٢٣Жок! Ал өзүнө (Аллаһ) буюрган парыздарды эч аткарбады فَلۡيَنظُرِ ٱلۡإِنسَٰنُ إِلَىٰ طَعَامِهِۦٓ ٢٤Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы أَنَّا صَبَبۡنَا ٱلۡمَآءَ صَبًّا ٢٥Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык ثُمَّ شَقَقۡنَا ٱلۡأَرۡضَ شَقًّا ٢٦Андан соң жерди жарып فَأَنۢبَتۡنَا فِيهَا حَبًّا ٢٧(Ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк وَعِنَبًا وَقَضۡبًا ٢٨Жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү وَزَيۡتُونًا وَنَخۡلًا ٢٩Зайтундарды, курмаларды وَحَدَآئِقَ غُلۡبًا ٣٠Коюу бактарды وَفَٰكِهَةً وَأَبًّا ٣١Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды مَّتَٰعًا لَّكُمۡ وَلِأَنۡعَٰمِكُمۡ ٣٢Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп فَإِذَا جَآءَتِ ٱلصَّآخَّةُ ٣٣Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (Кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде يَوۡمَ يَفِرُّ ٱلۡمَرۡءُ مِنۡ أَخِيهِ ٣٤Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат وَأُمِّهِۦ وَأَبِيهِ ٣٥Апасы менен атасынан дагы وَصَٰحِبَتِهِۦ وَبَنِيهِ ٣٦Аялы менен балдарынан дагы لِكُلِّ ٱمۡرِيٍٕ مِّنۡهُمۡ يَوۡمَئِذٍ شَأۡنٌ يُغۡنِيهِ ٣٧(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот وُجُوهٌ يَوۡمَئِذٍ مُّسۡفِرَةٌ ٣٨Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып ضَاحِكَةٌ مُّسۡتَبۡشِرَةٌ ٣٩күлүп-жайнап, кубанычтуу وَوُجُوهٌ يَوۡمَئِذٍ عَلَيۡهَا غَبَرَةٌ ٤٠(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап تَرۡهَقُهَا قَتَرَةٌ ٤١караңгылык ороп алат أُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡكَفَرَةُ ٱلۡفَجَرَةُ ٤٢Дал ошолор каапыр, шүкүрсүз адамдар

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.