ملة الإسلام

السورة 81 · 29 آية · Shams Al Din Hakimov

سورة التكوير باللغة القيرغيزية

السورة بالعربية مع التفسير استمع إلى سورة التكوير (1,316 قارئاً)
مكيةسورة التكوير٢٩ آية

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَٰنِ ٱلرَّحِيمِ

إِذَا ٱلشَّمۡسُ كُوِّرَتۡ ١Күн оролуп (нуру жоголуп) وَإِذَا ٱلنُّجُومُ ٱنكَدَرَتۡ ٢жылдыздар (кыйрап) төгүлүп وَإِذَا ٱلۡجِبَالُ سُيِّرَتۡ ٣Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп وَإِذَا ٱلۡعِشَارُ عُطِّلَتۡ ٤Курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,” وَإِذَا ٱلۡوُحُوشُ حُشِرَتۡ ٥Жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп وَإِذَا ٱلۡبِحَارُ سُجِّرَتۡ ٦Деңиздер жанып-от болуп وَإِذَا ٱلنُّفُوسُ زُوِّجَتۡ ٧Жандар бири - бирине коштолуп...° وَإِذَا ٱلۡمَوۡءُۥدَةُ سُئِلَتۡ ٨Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда — بِأَيِّ ذَنۢبٍ قُتِلَتۡ ٩Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп) وَإِذَا ٱلصُّحُفُ نُشِرَتۡ ١٠Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып وَإِذَا ٱلسَّمَآءُ كُشِطَتۡ ١١Асман сыйрылып алынганда وَإِذَا ٱلۡجَحِيمُ سُعِّرَتۡ ١٢Тозок (катуу) кызытылып وَإِذَا ٱلۡجَنَّةُ أُزۡلِفَتۡ ١٣Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде عَلِمَتۡ نَفۡسٌ مَّآ أَحۡضَرَتۡ ١٤(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет فَلَآ أُقۡسِمُ بِٱلۡخُنَّسِ ١٥Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип ٱلۡجَوَارِ ٱلۡكُنَّسِ ١٦(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип وَٱلَّيۡلِ إِذَا عَسۡعَسَ ١٧(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип وَٱلصُّبۡحِ إِذَا تَنَفَّسَ ١٨агарган таңга ант ичип (айтамын) إِنَّهُۥ لَقَوۡلُ رَسُولٍ كَرِيمٍ ١٩Чынында, ал (Кураан) Улуу Элчинин Сөзү ذِي قُوَّةٍ عِندَ ذِي ٱلۡعَرۡشِ مَكِينٍ ٢٠Арш Ээсинин? алдында (Жебрейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч — кубаттуу مُّطَاعٍ ثَمَّ أَمِينٍ ٢١Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү وَمَا صَاحِبُكُم بِمَجۡنُونٍ ٢٢(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес وَلَقَدۡ رَءَاهُ بِٱلۡأُفُقِ ٱلۡمُبِينِ ٢٣Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн وَمَا هُوَ عَلَى ٱلۡغَيۡبِ بِضَنِينٍ ٢٤Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес وَمَا هُوَ بِقَوۡلِ شَيۡطَٰنٍ رَّجِيمٍ ٢٥Жана ал” каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес فَأَيۡنَ تَذۡهَبُونَ ٢٦Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар إِنۡ هُوَ إِلَّا ذِكۡرٌ لِّلۡعَٰلَمِينَ ٢٧Ал (Кураан) албетте, ааламдар үчүн эскертүү لِمَن شَآءَ مِنكُمۡ أَن يَسۡتَقِيمَ ٢٨Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү) وَمَا تَشَآءُونَ إِلَّآ أَن يَشَآءَ ٱللَّهُ رَبُّ ٱلۡعَٰلَمِينَ ٢٩Жана силер (о, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар

الترجمة: Shams Al Din Hakimov.